2022-жылдын 18-февралында Ысык-Көл облустук китепканасында Каракол Америка борборуна караштуу «Медиа сабаттуулук жана кибер-коопсуздук боюнча маалымат борборунун» расмий ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Ысык-Көл облусттук администрациясынын өкүлдөрү жана Каракол Америка борборунун окурмандары катышат. Иш-чарада “Жаш адистер үчүн англис тили” программасынын катышуучулары аяктагандыгы тууралуу сертификат менен сыйланды. Эки программа тең АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан колдоого алынган.
2020-жылдын сентябрь айында АКШ элчилиги Ысык-Көл облусунун жашоочулары үчүн заманбап жана жагымдуу, ошондой эле, китепкана топтому жана АКШ мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланган ресурстар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да жеткиликтүү болушу үчүн китепкананын эки бөлүмүн оңдоп-түзөө жана жаңы технологиялар менен камсыздоо иштерине 29,000 доллардан ашык каражат бөлгөн. Бул долбоор Кыргыз өкмөтүнүн көбүрөөк инклюзивдүү коом түзүү аракетин колдоо максатында ишке ашырылды.
Жакында 15 жылдыгын белгилеген Каракол Америка борбору өз коноктору үчүн түрдүү программаларды сунуштап келет, анын ичинде маданий программалар, англис тили боюнча сабактар, VR-программалоо, код жазуу жана катышуучуларга келечекте киреше алып келүүчү чеберчилик боюнча семинарлар өтүп турат. Ошондой эле, китепкананын АКШ элчилиги колдогон Медиа-борбору жалган маалыматка каршы турууга жана медиа сабаттуулукту жогорулатууга багытталган шаймандарды жана программаларды сунуштайт.
Борбордун башкы максаттарынын бири – Ысык-Көл облусунун тургундарын маалымат, техникалык көндүмдөр менен жабдып, ар кандай медиа булактарынан алынган маалыматка туура баа берүү жана талдоо үчүн критикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн бекемдөө. Борбор медиа жана компьютердик сабаттуулук боюнча семинарларды сунуштайт жана кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, англис тилин үйрөнүү, илимий жана техникалык билимдерди кеңейтүү, ошондой эле Америка Кошмо Штаттары тууралуу ишенимдүү маалымат алуу үчүн акысыз платформа катары кызматын улантат.
Каракол Америка борборунун “Медиа сабаттуулук жана кибер коопсуздук боюнча маалымат борбору” Каракол шаарынын Ысык-Көл облустук китепканасында аптасына беш күн, саат 9:00дөн 17:00гө чейин иштейт. Дареги: Коенкөзов көч., 35. Байланыш маалыматы: тел: +996 3922 5 15 96, 2 07 61; эл.дареги: ackarakol@gmail.com.