Flag

An official website of the United States government

C5+1 Биргелешкен билдирүү
Тарабынан
4 МИНУТ ОКУЛДУ
November 3, 2023

Регионалдык байланыштарды жакшыртуу боюнча министрлер жыйыны тууралуу биргелешкен билдирүү

24-октябрда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) администратору Саманта Пауэр менен Өзбекстан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Түркмөнстандын министрлери Өзбекстандын Самарканд шаарында C5+1 аймактык дипломатиялык платформанын алкагында жолугушту.  

USAID жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү биргелешип өткөргөн C5+1 Регионалдык байланыштарды жакшыртуу министрлер жыйынынын жүрүшүндө Администратор Пауэр Америка Кошмо Штаттарынын сооданы оптималдаштыруу, эки тараптуу соода жана инвестициялык байланыштарды чыңдоо, диверсификациялоо аркылуу Борбор Азия менен аймактык кызматташууну өнүктүрүүгө, экспорттук-импорттук рынокторду, жашыл энергетиканы өнүктүрүү жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле инклюзивдик жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга умтулуусун баса белгиледи. Катышуучулар адам укуктарын, анын ичинде аялдардын, балдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын коргоого умтулаарын ырасташты. 

Катышуучулар туруктуу жашыл энергетиканы колдоо, транспорт тармагын өнүктүрүү, бажы жана чек араны башкарууну күчөтүү сыяктуу аймактык экономикалык маанидеги маселелер боюнча кызматташуу ниетин билдиришти. Катышуучулар глобалдык чакырыктарга аймактык чечимдерди берген C5+1 кызматташуусунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. 

C5+1 министрлер жыйынынын жүрүшүндө катышуучулар: 

  • Борбор Азиянын гүлдөп өнүккөн келечегин камсыз кылуу үчүн биргелешип иштөөгө болгон ниеттерин билдиришти, жана соңку эл аралык окуялардын терс кесепеттерин, өзгөчө инфляция, тескери миграция, карыздарды жөндөө жана жумуш менен камсыздалуунун көрсөткүчтөрү чөйрөлөрүндө теср көрүнүштөрдү кантип басаңдатуу керектигин талкуулашты;
  • Борбор Азияда инклюзивдик экономикалык өсүштү жана экономикалык туруктуулукту илгерилетүү аймактын узак мөөнөттүү гүлдөп-өнүгүшү жана туруктуулугу үчүн маанилүү экенин моюнга алышты;
  • Климаттык кризисти чечүү боюнча жамааттык жана өлкөнүн милдеттенмелерин, улуттук шарттарды жана мамлекеттердин колдо болгон ресурстарын эсепке алуу менен, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну көбөйтүү, энергиянын натыйжалуу технологияларын ишке ашыруу, казылып алынган энергетикадан жана башка секторлордон метан газынын бөлүнүшүн тез кыскартуу жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү ниеттери менен бөлүштү;
  • C5 өкмөттөрүнүн энергетикалык коопсуздук, таза энергияны өнүктүрүү жана энергетикалык системалардын аймактык интеграциясы боюнча улуттук жана аймактык артыкчылыктарын колдогон USAIDдин уланып жаткан Power Central Asia демилгесин жогору баалашты;
  • Мөңгүлөрдү сактоого, суу ресурстарын эффективдүү жана сарамжалдуу пайдаланууну жакшыртууга, суу ресурстарын аймактык жана трансчегаралык башкарууну жакшыртууга көмөктөшүүчү кызматташтыкты илгерилетүү зарылдыгын жана учурдагы иш-чаралардын жана программаларды, анын ичинде USAIDдин Регионалдык суу жана аялуу катмарын пайдаланууну түшүнүү зарылдыгын, жана курчап турган чөйрөнү коргоо демилгесин, азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуучу биргелешкен суу жана айыл чарба максаттарын алдыга жылдырууну баса белгилешти;
  • Нормативдик жана укуктук жактан жакшыртуу аркылуу инвестициялык жана бизнес үчүн жагымдуу чөйрөнү жакшыртуунун маанилүүлүгүн моюнга алышты;
  • Экономикалык өсүүгө жана жумушчу орундарды түзүүгө түрткү берүү үчүн аймактын санариптик, технологиялык жана инновациялык экономикаларын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты;
  • Аймактар аралык сооданы, транспорттук жана транзиттик байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле тиешелүү биргелешкен долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жана иштеп жаткан долбоорлорду илгерилетүү аркылуу Борбордук Азияда транспорттук кызматташтыкты, өз ара байланышты жана транспорттук туруктуулукту жогорулатуунун маанилүүлүгүн таанышты;
  • АКШ менен соода жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүүнүн зарылдыгын, ошондой эле тышкы экономикалык байланыштарды диверсификациялоо жана жаңы экспорттук рынокторду өнүктүрүү боюнча саясатты биргелешип ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти;
  • Транскаспий соода жолунун жана кошумча мультимодалдык транспорт коридорлорунун маанилүүлүгүн баса белгилешти, алар эл аралык транзиттин көбөйүшүнө жана өркүндөтүлгөн жүк ташууларына көмөктөшүүнү жана мындай соода жолдоруна жана транзиттик коридорлорго инвестицияларды көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү иш-аракеттерди карашты;
  • Регион боюнча аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аракеттерин кеңейтүүнүн жана аялдардын, жаштардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жумушчу күчүн өнүктүрүүгө жана ишке орноштурууга колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн моюнга алды;
  • Жеткиликтүүлүк көйгөйлөрүн чечүү, санариптик ажырымды азайтуу жана инклюзивдик дизайнды илгерилетүү боюнча региондук күч-аракеттер майыптыгы бар адамдардын билимге, ишке орношууга, саламаттыкты сактоого жана социалдык мүмкүнчүлүктөргө жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу аркылуу алардын жашоосун олуттуу жакшыртуу потенциалына ээ экендигин моюнга алышты;
  • Туруктуу экономикалык өсүшкө алып келүүчү жамааттык чечимдерди иштеп чыгууда жергиликтүү уюмдардын маанилүүлүгүн баса белгилешти;
  • Тынчтыкта жана гүлдөп өнүккөн Борбор Азия үчүн БУУнун Уставын жана анын принциптерин сактоо аркылуу бардык өлкөлөрдүн көз карандысыздыгына, эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө туруктуу берилгендик талап кылынары баса белгиленди.