Казакстандын Нур-Султан шаарындагы C5+1 жогорку деңгээлдеги коопсуздук маселелерин талкуулоо боюнча биргелешкен билдирүү

Төмөндөгү билдирүүнүн тексти Америка Кошмо Штаттары, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өкмөттөрү тарабынан, Казакстандын Нур-Султан шаарында 2019-жылдын 21-августунда орун алып, C5 + 1 жогорку деңгээлдеги коопсуздук маселелерин талкуулоого арналган жолугушууга байланыштуу таратылды.

Тексттин башталышы:

Америка Кошмо Штаттары, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өкмөттөрү, C5 + 1 форматында жалпы кызыгууну жараткан саясий, экономикалык жана коопсуздук маселелерин талкууга алуу үчүн бүгүн Казакстандын Нур-Султан шаарында жолугушту.

АКШ мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Дэвид Хейл, Казакстан тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов, Кыргызстан тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Тажикстан тышкы иштер минитри Рашид Мередов жана Өзбекстан тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Борбор азия жана коңшу Афганистанда тынчтык жана бакубат жашоонун орношу менен аймактагы коопсуздук маселелерин чечүү үчүн аймактык кызматташтыкты жана экономикалык өзгөрүүлөрдү колдоого багытталган аракеттерди колдоо боюнча пикир алмашышты.

Катышуучулар С5+1 аянтчасын жалпы көйгөйлөрдү талкуулап чечүү, жана ошондой эле, Борбор азия мамлекеттеринин аймактык биримдигин жана эгемендүүлүгү менен көзкарандысыздыгын бекемдөөгө багытталган бирикме катары колдоорун билдиришти. Чогулган топ, кийинки С5+1 министрлер жолугушуусун пландоо маселесин карап чыгып, С5+1 иш топторундагы коопсуздук, экономикалык байланыш жана экология боюнча учурдагы иш чараларга көз чаптырышты.

Тексттин аягы