Америка Кошмо Штаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрү Курманбек Бакиевдин режиминин жана анын баласы Максим Бакиевдин учурунда коррупция жана мамлекеттик каражаттарды жемкорлук кылуу аркылуу уурдалган каражаттарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайтарып берүүсү тууралуу кубаныч менен билдирет.
Бул каражаттар АКШда Евгений Гуревич инсайдерлик соода кылуу аракеттери үчүн АКШнын Чыгыш Нью-Йорк аймактык соту жүргүзгөн кылмыш ишти иликтөөнүн негизинде аныкталып жана анын жыйынтыгы боюнча сот 6 миллион АКШ долларын конфискациялоо тууралуу өкүм чыгарган. Кылмыш ишин кароо бүткөн соң, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн Akin Gump Strauss Hauer & Feld мекемесинин юристтери аркылуу АКШнын Юстиция министрлигине каражаттарды кайтарып берүүнү талап кылган өтүнүчүн тапшырып, конфискация буйругунда көрсөтүлгөн каражаттарды Максим Бакиев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана банк мекемелеринен уурдап кеткен деп көрсөткөн. 2018-жылдын 4-октябрында АКШнын Юстиция министрлиги каражаттарды бошотуп берүү кайрылуусун ырастап берген.
Учурда, конфискация буйругуна ылайык 6 миллион АКШ долларынын болжол менен 4,560,700 АКШ доллары табылган жана бул каражат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайтарылып берилүү үчүн бекитилген. Бул каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсебине түшүшү керек (“Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкындагы Финансы министирлигинин Борбордук казыналыгынын учурдагы эсеби”) жана Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конфискация буйругунун алкагында уурдалган каражаттардын калганын издеп табуу жана кайтаруу үчүн кошумча аракеттер пландаштырылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кайтарылып берилген каражаттарды кыргыз элинин пайдасы үчүн социалдык долбоорлор, коррупция менен күрөш жана ачык айкындуулукту өнүктүрүүгө багытталган иштерге жумшайт деп тастыктайт. Алардын ичине төмөндөгү иш-чаралар кирет:
- Элет жеринин калкынын саламаттыкты сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн аймактык ооруканаларга медициналык жабдууларды сатып алуу жана орнотуу аркылуу (рентген, диагностикалык жабдуулар, ж.б.) айыл-аймак калкына көрсөтүлгөн медициналык кызматынын денгээлин жогорулатуу.
- Азыркы учурда Дүйнөлүк банк жана башка эл аралык финансы институттардын каржы камсыздоосу менен жүргүзүлүп жаткан иче турган таза суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу жана жүрүп жаткан ири масштабдуу суу менен камсыз кылуу жабдууларын (суу түтүктөрүн, суу соргучтарын, суу тазалоочу жайларын) орнотуу иштерин кеңейтүү аркылуу айыл калкынын таза сууга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында суу менен камсыз кылуу объектилерин куруу.
- Кыргызстандагы коррупция менен күрөш, соттук териштирүүлөрдүн ачык айкындуулугун жана мамлекеттик органдарынын каржылык бүтүндүгүн жогорулатуу боюнча программаларга жооптуу институттарды күчтөндүрүү, жана ошондой эле адилеттүүлүк тармагында сот иштеринин ачык айкындуулугун жана коомдук көзөмөлдү жогорулатуу максатында аудио-видео шаймандарын сатып алып жергиликтүү соттордо орнотуу долбоорлорун ишке ашыруу.