Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) ыкчам кызматтарынын маалыматтары боюнча, ИИМ менен БКМКнын бөлүмдөрү тарабынан 2015-жылы 140,9 кг баңги каражаттары алынган (2014-жылда – 119,9 кг).
2015-жыл үчүн биргелешкен иштин жыйынтыгы боюнча ЖАМК менен Баңги заттарын контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын (БКМК) ортосундагы ыкчам бирге аракеттешүүнү күчөтүү боюнча долбоорду жүзөгө ашыруучу жумушчу топтун отуруму 29-январда болуп өттү. Отурумдун алкагында эки кызматтын пенитенциардык системада баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүнө каршы мурункудан дагы эффективдүү аракеттерди көрүү жолдору талкууланды.
2012-жылдан тартып азыркы убакка чейин АКШ өкмөтү БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгына Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасындагы коопсуздукту күчөтүү, анын ичинде түзөтүү мекемелеринде баңги заттарды контролдоо жана кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу маселелерин чечүү боюнча ведомстволор аралык мамиленин бекемделишине көмөк көрсөтүп келет.
Кошумча маалымат алуу үчүн
долбоордун Улуттук координатору
Мадина Сариева айымга кайрылсаңыздар болот:
E-mail: madina.sarieva@unodc.org
Телефон: + 996 312 321732, + 996 770 757797