АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Вена, Бишкек, Самарканд, Астана, Дүйшөнбүгө жана Ашхабадга сапар алууда

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Австрия, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстанга 28-октябрдан 3-ноябрга чейин сапар менен барууда.

Венада мамкатчы Жон Керри Сириядагы кризисти талкуулоо үчүн чет өлкөлүк кесиптештери менен эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларга катышат.

Андан соң мамлекеттик катчы Керри Бишкек, Самарканд, Астана, Дүйшөнбү  жана Ашхабадка сапар алып, ал өлкөлөрдөгү жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер менен эки тараптуу талкуулоолорду жүргүзөт.  Бул сапар мамкатчы Керринин Борбор Азияга биринчи жолу келүүсү жана АКШнын мамлекеттик катчысынын бир сапарда Борбор Азиянын беш  өлкөcүнө  келүүсү биринчи болууда.

Бишкекте АКШнын мамлекеттик катчысы Борбор Азиядагы Америка университетинин жана АКШнын элчилигинин жаңы имараттарынын ачылыштарына катышат.

Самаркандда мамлекеттик катчы беш өлкөнүн Тышкы иштер министрлери менен биргелешкен жолугушуусуна катышат.  Бул жолугушуу Америка Кошмо Штаттарынын Борбор Азиядагы республикалары менен «C5+1» деп аталган диалогунун жаңы форматында өтүп, Мамлекеттик катчыга жана министрлерге аймактык жана глобалдык маселелерди талкулоого мүмкүнчүлүк берет.

Астанада мамлекеттик катчы төртүнчү АКШ-Казакстан стратегиялык өнөктөштүк диалогуна катышып, Назарбаев атындагы университетте глобалдык маселелерди чечүүдөгү Борбор Азиянын ролу тууралуу сөз сүйлөйт.

Ашхабад жана Дүйшөнбүгө келгенде Мамкатчы ар жакка тең кызыкчылык жараткан эки тараптуу жана аймактык маселелерди мамлекеттик казматкерлер менен талкуулайт.

Мамкатчы Керринин сапарын @JohnKerry жана @StateDept аркылуу Твиттерден карап, Мамдепартаменттин Flickr баракчасынан жаңы сүрөттөрдү көрүңүз.

Мамкатчынын сапары жөнүндө http://www.state.gov/secretary/travel/index.htm баракчасында маалымат алып туруңуз.  Биз менен байланышта болуңуз: http://blogs.state.gov/socials