Саламатсыздарбы, министр Сариева, президент Вахтел, окутуучулар жана студенттер!
Бишкекке келгениме жана Борбор Азиянын беш өлкөсүн бир сапар менен кыдырган АКШнын Мамлекеттик катчыларынын биринчиси болгонума кубанычтамын.
Бүгүн биз бүткүл аймактагы студенттер жана мугалимдер үчүн билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн өзгөртүүгө алып келген жаңычыл мекеменин ачылышын майрамдап жатабыз. Бул жаңы имарат өзгөчө, себеби бул Борбор Азиядагы биринчи жеке таза жана жашыл технологияланга жооп берген, геотермикалык жылытуу жана муздатуу, алдыңкы каналдаштыруу жана сугаруу тутуму жана энергияны колдонуу боюнча аймактагы эң жогорку стандарт менен курулган.
Бул ийгиликке жетишүү үчүн көп адамдар салым кошту, бирок мен алардын бирөөсүн белгилеп кетейин-ал менин жакшы досум Жорж Сорос. Менин билишимче, Жорж келе албай калды, бирок айтарым, мен Жоржду көп жылдан бери билем жана анын жакшы башкарууга, эркиндикке жана мүмкүнчүлүктөргө берилгендиги абдан шыктандырарлык деп айта алам.
Ал Будапештте нацизмдин бүт Европада жайылып турган мезгилинде төрөлгөн. «Пантера» танктары көчөлөрдө жүрүп жана жоокерлер жөөттөрдү өлүм лагерлерине жөнөтүш үчүн издеп жүргөн убакта, ал үй-бүлөсү менен кошо боорукер коңшуларыныкында жашынышкан. Ырас Жорж ал жерден качып чыккан, бирок анын бала кезиндеги башынан өткөргөнү эч эсинен кетпейт жана башкаларга эркиндиктин шарапаттары менен жардам берүү каалоосу анын бүткүл жашоосундагы кыймылдаткыч күч болуп калган.
Жорж ал жерде жарым кылым мурда Батыш Европа коммунизмге каршы көтөрүлүп жатканда болгон. Өзүнүн мекени болгон Венгрияда, ал көчүрүүчү машиналарды сатып алып башкача ойлонгон саясий партияларга өзүлөрүнүн тыюу салынган материалдарын басып чыгарганга жардам берген. Экстремалдуу улутчулдар мурунку Югославиядагы этникалык аз калктарды айдап чыгуу максаты менен иш алып барып жатканда да Жорж ал жакта болуп, динине жана улутуна карабай бардык адамдарды тынчтыкта жашоо укугун колдогон. Жана да кооз жана динамикалуу Бишкекте Америка Университетин түптөгөнгө да ал салымын кошкон.
Борбор Азиядагы Америкалык Университети студенттерди сын ой жүгүртүүгө, түрдүү ойлорго сынчыл карап жана ыңгайсыз суроолорду бергенге үйрөтүүгө алтын стандарт болуп эсептелет. Бул жерде кайдыгерсиздикке же абийирсиздикке орун жок. Бул жер колдорунан келишинче мыктылардын мыктысы болууга умтулган жер.
Бул азыркы убакытта эбегейсиз мааниге ээ, анткени өзгөрүп жаткан глобалдык экономика жаңыча көндүмдөргө жана татыктуу билимге ээ болгон адистерди талап кылат, ал эми андай сапаттары жок кызматчыларга суроо талап аз. Бирок биз ийгиликке жетишибиз үчүн баарыбыз аракет кылышыбыз абзел. Биз балдарыбыздын өнүгүүсүнө салым кошпосок, бардыгыбызга керек билимдин эшиктерин ачпасак, дискриминацияга жана сабырсыздыкка жол бербестен чогуу иштешпесек, анда барган сайын начарлай беребиз. Ошондуктан билим алуу абдан маанилүү. Ошол себептен Америка Кошмо Штаттары БААУну колдоого бел байлаган.
Менин өкмөтүм бул университетке 30 миллиондон ашык АКШ долларын бөлүп бергенине мен сыймыктанам жана бул колдоо мындан ары боло бермекчи. Биз кыргыз студенттери үчүн 100дөн ашык жана Ооган студенттер үчүн 250дөн ашык стипендияларды бердик. Айта кетчү нерсе: кошкон салымыбыз үчүн биз ыраазыбыз. БААУ бул жөн гана жогорку окуу жайлардын үлгүсү эмес – бул Бишкектен Кабулга чейинки эң таланттуу студенттерди тарта турган күч.
Бул бир жөнөкөй себептен маанилүү: биз тез алмашып жаткан дүйнөдө жашап жатабыз жана бири-бири менен мурда болуп көрбөгөндөй байланышта турабыз. Биз көз ирмемде бийлик күчү иерархияда эмес, адамдар-аралык тармакатарда болуп калган доордо жашап калдык. Бул жерде отургандардын баарынын мобилдик түзүлүштөрү бар. Жана андай түзүлүштөрдүн жардамы менен сиздер Фейсбукка же Инстаграммга сүрөт жүктөгөндөн да көп нерсе кыла аласыздар. Алар өзгөрүүлөрдү алып келе турган бирден бир күчтүү аспаптар, себеби силер каалаган адамыңар менен, каалаган убакытта жана каалаган жерде байланыша аласыз.
Бир суроо туулат. Бул жөндөмдүүлүгүңүздү кантип пайдаланасыз? Сизди башкалар укканга мүмкүнчүлүк бар – бирок сиз эмнени айтмаксыз?
Бул доордо биз көп көйгөйлөргө дуушар болуудабыз: катаал экстремизм, абага бөлүнгөн парник газын азайтуу жана жалпы өнүгүүнү алдыга жылдыруу маселелери. Бул көйгөйлөргө мен ушул жума да Астанада көбүрөөк токтолом. Бирок мен бүгүн бир нерсени белгилеп кетер элем. Билим алуу – бардык маселелерди чечүүгө ачкыч боло алат.
Баарыбыз билгендей эле, билим алуу – өмүр бою созулуучу процесс, бирок ал процесс эртерээк башталышы керек. АКШда биз балдар окуганды эртерээк эле үйрөнө башташы үчүн бала бакчаларды көбөйтүп жатабыз. Бүт дүйнө жүзү боюнча Миң жылдык өнүгүүнүн максаттарынын бири – ар бир кыздын жана уландын башталгыч мектепке баруусун камсыздоо. Бул багытта эбегейсиз өнүгүү болуп жатат жана бул абдан кубандыраарлык нерсе.
Бирок башка тармактарда көп маселелер бар жана бул менин өлкөмдө да жана сиздердин өлкөңүздөрдө да чындык.
Мисалы, биздин балдар эртең менен мектепке кирип, түш оогондо мектептен чыкканга чейин бир нерсени үйрөнүшү зарыл. Класста жөн эле отуруу башка, ал эми билим алуу – бул такыр башка.
Жакшы мугалимдерге колдоо көрсөтүүнү, аларды даярдоону жана аларга татыктуу айлык төлөп берүүнү айланып өтүүчү жол жок. Менимче, жакшы мугалим – бул коомдогу эң кадыр-барктуу адам. Биз окуу жараянына жаңы технологияны жана окутуу усулдарын киргизишибиз керек, анткени жаш балага планшетти же ноутбукту жөн гана карматып коюу жетиштүү эмес. Биз балдардын билим алууга кызыгуусун арттырып, окуудагы ийгилик жашоодогу ийгиликке алып келишине ишенимин күчөтүшүбүз керек.
Билим берүү жаатындагы дагы бир орчундуу маселе – бул окуудагы баалар менен айлык манаянын байланышын күчөтүү. Бул жыйналышта көрүнүп тургандай эле, бул региондо жакшы окуу жайлар бар. Бирок, бул окуу жайлар үйрөтүп жаткан нерселер менен азыркы экономикада талап кылынган адистиктер дал келбеген учурлар көп. Борбор Азияда бош жумуш орундарына туура келбеген окуу жайын бүтүп алып жүргөн жаштар көп. Бул студенттерди да, жумуш бергендерди да кейиткен абал – аны биз жокко чыгарышыбыз абзел.
Бул региондогу жаштардын санын алып карасак, бул абал оңоло тургандай сезилет. Америка Кошмо Штаттары жеке ишкер секторунан жумуш суроолору боюнча насаат алып иштеген күчтүү коомдук колледж тутумун иштеп чыккан. Бирок ал да жетишсиз болгондуктан, Президент Обама биздин Конгресске ар бир студентке, акчасын төлөй албаган учурда да, коомдук колледждерге барууга мүмкүнчүлүк берген ойду сунуштап жатат. Биздин коомдук колледж тутумубуздун жана Борбордук Азиядагы билим берүү жаатындагы өнөктөрдүн арасындагы байланышты дагы да күчөтүүгө аракет кылабыз.
Бул маселени биз анын орчундуулугуна жараша карап жатабыз. Ошондой эле, дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп калуу үчүн сиздерге да жардам кылууга даярбыз.
Мына ошондуктан, биз Борбор Азияда эл аралык студенттик алмашуу программаларын көбөйтүүнү колдоп жатабыз. Акыркы 25 жылда бул өлкөлөрдөн 25 миңден ашуун студенттер Америкага барышып, окуу жайларын аяктап, изилдөөлөрүн жүргүзүшүп, билимин тереңдетип жана жөндөмдөрүн өрчүтүп келишти. Ал эми, келе жаткан беш жылда биз алардын санын 31 миңден ашышына умтулабыз. Андан тышкары, биз сабаттулукту күчөтүү, аралыктан окутуу жана англис тилин үйрөтүү (анын ичинде кирешеси аз үй-бүлөлөрдөн келгендер жана майыптыгы барларга үйрөтүү) боюнча Борбор Азиядагы беш өлкө менен өнөктөштүктү күчөтүп келе жатабыз. Бул өнөктөштүк мындан да көп студенттерге Аемриканын окуу жайларына тапшырууга жол ачат. Бул программалар, аларга катышкандардын гана жашоосунда эмес, жалпы коомчулукта өтө чоң жылышка алып келүүдө.
Мамлекеттик Катчы болгонумдун эң жакшы жактарынын бири – бул дүйнө боюнча канчалаган башка адамдарга жардам берейин деп жүргөн жакшы адамдарды кезигүү.
Алардын бир нечесин бул жерде да кезиктирдим.
Мисалы, Чапел Хилдеги Түндүк Каролина Университетин бүтүрүп, Тажикистанга кайра келип, жергиликтүү деңгээлде демократиялык институттарды күчөтүү жаатында иштеп жаткан Гүлрү Азамова.
Майып адамдардын укуктарын жактоо үчүн юрист макамын колдонгон БААУнун бүтүрүчүсү Сейнеп Дыйканбаева менен катуу таасирлендим. Ал Кыргызстандагы адам укуктар боюнча кеңештин мүчөсү жана өлкөсүнүн жигердүү жарандык коомунун абийирдүү жана ишенимдүү үнү.
Cент Луис шаарындагы Вашингтон атындагы университетти Фулбрайт программасы менен аяктап келип, Казакстандагы ЕККУ өкүлчүлүгүндө үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иштеп жана түрмөдөгү аялдарды колдоо программаларын жүргүзүп жаткан Айгүл Сералинова.
Албетте, билим берүүгө чоң маани берип атканыбыздын бир себеби – билимдүү жана кабардар жарандар демократиянын пай дубалын түзөт. Ал эми ал өз учурунда стабилдүүлүккө жана өнүгүүгө өбөлгө болот – бул билим алуунун дагы бир артыкчылыгы. Ал эми 21-кылымда күчтүү жана стабилдүү демократиялык система ар бир өлкөдө прогресске жол ачат.
Муну Кыргызстанда жашагандар жакшы билишет. Силерде жакында эле ийгиликтүү парламенттик шайлоо болуп өттү. Алдыдагы жол оңой эмес, бирок, биз демократияны оңой же эң жакшы болгону үчүн жактабайбыз, анткени ал оңой да эмес, эң жакшы да эмес. Биз аны элдин ыктыяры менен тыгыз байланышта болгондуктан жана адамдардын укуктарын урматтоодо, маселелерди тынчтык жолу менен чечүүдө жана туруктуу өнүгүү жолун ачууда башка башкаруу тутумдарына караганда жакшыраак иштеши үчүн жактайбыз.
Демократия идеясындай күчтүү жана ошончолук көпчүлүктү эңсеттирген идея аз эле болсо керек. Бирок менин бүгүн силерге айтарым, демократия өзү менен өзү өкүм сүрбөйт. Аны ар бир муун жандандырып жана жаңыландырып турушу абзел. Андан тышкары, демократия ар бирибизден ак-караны ажырата билген сезимдерибизди иш жүзүнө ашырууну, биздин өкмөттөрүбүздүн жоопкерчилигин күчөтүп туруучу күчтүү жарандык коом түзүүнү, жана ар бир жаранды жынысына, динине жана этносуна карабастан коргоону талап кылат.
Мен жакында эле Филадельфияга бардым. Ал жерде 1787-жылы Конституциялык курултайда Американын демократиялык сапары башталган. Биздин Негиздөөчү аталарыбыз ишти бүтүрүп, чарчаган Бенжамин Франклин тепкичтерден түшүп келе жатканда, ага бир аял келип, “Доктор Франклин, бизде эми эмне, монархия болобу же республикабы?” деп сураганда, ал аялды карап: “Эгер аны сактай алсаңар, республика болот” деп жооп берген экен.
Ошол сөз азыркы күндөргө да өтө дал келип турат. Борбор Азиянын Америкалык Университети региондогу студенттерге дүйнөлүк деңгээлдеги билим берип келе жатат. Силердин негизги максатыңар – ушул мүмкүнчүлүктү болушунча пайдалануу. Ал эми, мен болсо, силер жасаган аракетти Америка Кошмо Штаттары ар дайым колдоп турарына убада берем.
Баарыңыздарды куттуктайм, ийгилик каалайм жана Кудай колдосун!