Мамлекеттик катчы Жон Керринин Бишкектеги пресс-конферециядан сөзүнүн үзүндүcү

Тышкы иштер министри Абдылдаев мырзага, бүт делегацияга жана президент Атамбаевга жылуу кабыл алганы үчүн чоң рахмат! Бул жерге келгениме мен абдан кубанычтамын жана мүмкүнчүлүгүм болсо дагы көбүрөөк конок болот элем. Жакынкы келечекте дагы бир жолу келеериме үмүттөнөмүн.

Мен Бишкекке биринчи жолу келгениме жана Борбор Азиянын беш өлкөсүн бир сапар менен кыдырган АКШнын Мамлекеттик катчыларынын биринчиси болгонума кубанычтамын. Бул сапарым унутулгус болот деп ишенем жана болуп өткөн  ачык, натыйжалуу жолугуушууларга ыраазычылыгымды билдирем.

Биринчиден, Президент Атамбаевди жана Кыргыз элин парламенттик шайлоо ийгиликтүү өткөнү менен куттуктаймын. Шайлоонун жыйынтыгы Кыргызстандын бардык жарандарынын кызыкчылыктарын эске алган демократия курууга аттанганын тастыктады. Президент да, Борбордук Шайлоо Комиссисясы да, жарандык коом лидерлери да ачык жана адилет шайлоо өткөрүүгө берилгендиги үчүн чоң алкышка татыктуу.

24 жыл мурун Америка Кошмо Штаттары Совет Биримдигинен жаңы чыккан Кыргыз Республикасынын эгемендигин тааныды. 1991-жылы 25-декабрда Президент Жорж Буш мындай деп кеткен: «Бул күн бардык Америкалыктар үчүн чоң үмүт берет. Биздин душмандарыбыз демократиялык жана жарандык коомду курууга даяр болгон өнөктөштөрүбүзгө айланды. Алар бизден колдоо күтүп жатат, биз ал колдоону көрсөтөбүз». 20 жылдан бери Америка бул убаданы орундатып келүүдө.  Бүгүн Кыргызстан жана анын эли менен биздин бекем достугубуздун белгиси болгон АКШ элчилигинин жаңы имаратынын ачылышына кубанычтамын.

Бүгүн Тышкы иштер министри менен болгон маектен кийин, биздин экономикалык, саясий жана маданий өнөктөштүгүбүз биздин өлкөлөрүбүзгө гана эмес, региондогу башка өлкөлөргө да пайда келтире тургандай өнүгүп жатат деген тыянакка келдик. Андан соң биз аймактык коопсуздук суроолору, анын ичинде Ооганстан боюнча да пикир алышып, климат өзгөрүү маселесин талкууладык.

Бүгүн, түштөн кийин мен Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинде сүйлөй турган сөзүмдө , Американын, бул өлкө жана бул аймак менен сый-урматка жана эки тараптын кызыкчылыгына негизделген мамилеге берилгендигин баса белгилейм. Ооган жана тажик окуучулардын кесиптик окуусун каржылап жатканыбыз биздин берилгендигибиздин дагы бир белгиси. Ошол себептен, биз экспорт мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана бизнестердин байланыштарын бекемдөө үчүн соода делегацияларыбызды Алматыда, Исламабадда, Кабулда жана башка шаарларда ачып жатабыз. Ошол себептен биз «Борбордук Азия-Оогастан аял ишкерлер симпозиуму» аркылуу аялдарды колдоп жатабыз.

Бир нече ишкер аялдар менен мен бүгүн да кезиккениме кубанычтамын. Алардын бизнестеринин жетишкендиктери жана алардын Кыргызстандын калкын жумуш менен камсыздоо аракеттери мага абдан таасир калтырды.

Ал эми соода жана инвестиция жаатында, биздин өлкөлөрүбүз бир нече аймактык демилгелер боюнча иштеп жатышат, анын ичинде “CASA-1000”  электр өткөрүү чубалгысы. Мен Тышкы иштер миристри Абдылдаев Самаркандда  боло турган «С5+1» аттуу форумга катышарына кубанычтамын. Андан тышкары, Исламабадда боло турган «Азиянын жүрөгү» аттуу конференцияда биздин  экономикаларды алга сүрүү жолдорун талкулоону улантабыз деген үмүттөмүн. Биз Тышкы иштер министри менен Ооганстандагы кырдаалды да талкууладык. Бул маселеде Кыргызстандын салымы чоң, алардын бири – миңдеген ооган окуучуларды Борбордук Азиядагы Америкалык Университетте окуганга стипендия менен камсыз кылуу.

Биз климаттын өзгөрүшү боюнча да чогуу иштеп жатабыз. Бүгүн Памирдеги мөңгүлөрдүн эрүүсүн жана Арал деңизиндеги абалдын начарлаганын талкууладык. Андан тышкары, климаттын өзгөрүшү боюнча чыныгы чоң жана глобалдык келишимди жарата турган Париждеги курултай астында бул суроо боюнча тыгыз байланышта болуп турууну да чечтик.

Сөзүмдү аяктап жатып, мен ачык  жана натыйжалуу жолугушуулар үчүн дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдирем. Президент Обама жана биздин бардык администрациябыз АКШ-Кыргызстан мамилесин бекемдетүүгө берилген. Бүгүнкү жолугушуулар андан аркы прогресске жана, менимче, келе жаткан бир нече натыйжалуу айларга жана 2016-жылга негиз болоруна ишенем. Чоң рахмат!