«Бернстайн Джаз» музыканттары Бишкек шаарында концерт берет

30-июнь – 2-июль, 2018 ж. (Бишкек шаары – Кыргыз Республикасы) – Америка Кошмо Штаттарынын эгемендүүлүгүнүн 242-жылдыгына жана белгилүү америкалык композитор Леонард Бернстайндын 100 жылдыгына арнап АКШнын Кыргыз  Республикасындагы  элчилиги «Америка добуштары» уюмунун «Джаз Бернстайн» музыканттарын коомчулукка тартуулаганы чакырды. Алар Бернстайндын белгилүү джаз жана бродвей «Tonight», «New York, New York» сыяктуу аткарышат. Бардык иш-чараларга кирүү акысыз.

“Джаз Бернстайнда” белгилүү вокалчы Дебора Картердин жана пианист Майк Дель Ферронун джаз дуэти  жана чакырылган барабанчы  Дрори Мондлак менен биргеликте композиторго жаш кезинде таасир берген джаздын жана свингдин эң алгачкы күндөрүнө угуучуларды алып барат жана ошондой эле анын эң  белгилүү джаз чыгармаларын  аткарышат. Кыргызстандык чакырылган бас – музыкант Эркин Кыдыкбаев Америкалык джаз музыканттары менен бирге сахнага чыгат.

30-июнь саат 10:30да «Америка добуштары» музыканттары К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенттерине  мастер класс өтүү менен өз саякатын башташат. 30-июнда саат 19:00дө «Америка үндөрү» музыканттары  Бишкек шаарынын тургундары үчүн Эркиндик бульварындагы, Курманжан Датканын эстелигинин алдында концерт беришет. Ал жакта «Gergert Sport», «Levi’s», «Baskin Robbins», «Coca-Cola Bishkek Bottlers», «Nathan’s Famous Hot Dogs», «Papa John’s Central Asia» жана  «Crocs»  сыяктуу америкалык компаниялар 17:00дөн баштап өз өндүрүмдөрүн сунуштап, сынактар жана оюн-зооктор аркылуу белек сертификаттарын жана жарнамалык материалдарын акысыз таратышат.  Иш чара Кыргыз Республикасынын инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттиги жарыялаган АКШ айлыгынын алкагында, АКШ Элчилиги менен биргеликте жүзөгө ашырылууда.

Майк Дель Ферро, джаз пианисти

Майк Дель Ферро инновациялык стили жана чеберчилиги акрылуу таанылган жана Роттердам джаз фортепиано сынагындагы биринчи сыйлыгына жана Брюсcелдеги Европа джаз сынагындагы солист сыйлыгына ээ болгон. Анын солист, аккомпаниатор, композитор жана музыка коштоочу катары аброю аны Тутс Тилеманс, Брэнфорд Марсалис, Джак Дежонет, Рэнди Брекер, Оскар Кастро-Невес, Дебора Браун и Ришар Гальяно жана башка көп музыканттар менен сахнага чыгууга жана чыгарма жаздырууга алып келген. Бүгүнкү күндө  ал өзүнүн 17 альбомун  чыгарган жана ал оркестрчи катары Диксилендден баштап Сальсага чейинки түрдүү багыттардагы көптөгөн альбомдордо катышкан.  Кошумча маалымат алуу үчүн бул сайтка кириңиз mikedelferro.com

Дебора Ж. Картер, джаз вокалчы

Дебора Ж. Картер джаз фестивалдарына,  джаз клубдарына,  семинарларга, радио жана телешоуларга активдүү катышып бүткүл Европа жана Азия боюнча көп саякат жасайт.  Азыркы учурда Дебора Испаниядагы Сан-Себастьянда Музыкалык консерваторияда джаз вокал боюнча профессор. «Америка үндөрү» программасы аркылуу салттуу музыканттар менен тыгыз кызматташуу,  жаш джаз музыканттарды окутуу жана фестивальдарда сахнага чыгуу акрылуу ал Тайванга,  Бирмага, Молдовага,  Азербайжанга жана Казакстанга барып келген. Деборанын акыркы альбому – «Blue Notes and Red Shoes». Кошумча маалымат алуу үчүн бул сайтка кириңиз deborahcarter.com

Дрори Мондлак, Джаз барабанчысы

Дрори Мондлак азыркы мезгилдеги эл аралык джаз сахнасында залкар джаз барабанчылардын бири болуп саналат. Анын сахнада чыгууга болгон техникасы,  сезимталдыгы жана интерактивдүү мамилеси ага критикалык таанылууну  жана көптөгөн чыгармачыл музыканттар менен ар кандай музыкалык кырдаалдарда сахнага чыгууга мүмкүнчүлүк берди. Ал ошондой эле азыркы кезде Европа боюнча саякат жасап жана  чыгарма жаздырып жургөн Karolina Strassmayer & Drori Mondlak-KLARO квартетин бирге жетектейт. Кошумча маалымат алуу үчүн бул сайтка кириңиз drorimondlak.com

Кошумча маалымат учун:

http://americanvoices.org/jazz-bernstein/

http://www.americanvoices.org/

Чагылдырууга кызыккан жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү АКШ элчилигинин басма сөз кызматына э-почта BishkekPAS@state.gov же 0312 597000, 0770 770299 телефон номурлар аркылуу байланышса болот.

Иш-чаралардын ирети:

 

30-июнь

10: 30-12:00

К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын

студенттери үчүн мастер класс (Жантошев көч. 115, Бишкек шаары)

Ишемби 17:00-21:00 Америкалык компаниялар өз өндүрүмдөрүн тартуулайт
17:00-19:00
Парктагы Америкалык Джаз
19:00-21:00
(Эркиндик бульвары, Курманжан Датканын эстелиги, Бишкек шаары)
1-июль 19:00 –20:00 Ололо Хауста концерт
Жекшемби (Эркиндик бульвары 64 Б, Бишкек шаары)
2-июль 12:00 –13:00

Нижне-Серафимов үй-интернатындагы карыялар жана мүмкүнчүлүгү

чектелген инсандар үчүн концерт

Дүйшөмбү
20:00 – 21:00   Чикен Стар кафесинде Америкалык Джаз
(Эркиндик бульвары 36, Бишкек шаары)