Эл аралык франчайзинг жана соода көргөзмөсү (ЭКСПО) америкалык жана эл аралык инвесторлордун көңүлүн Бишкекке тартты

Бишкек, Кыргызстан (2019-жылдын 11-октябры) – Бир миңден ашуун ишкерлер, бизнес-лидерлер жана өкмөт кызматкерлер Америка, Европа жана Түштүк Кореядан келген эл аралык дэңгээлдеги компаниялар менен өнөктөштүк мамиле түзүүнү көздөп “Дасмия” этностук-маданий комплексинде тарыхта биринчи жолу өткөн “Эл аралык франчайзинг жана соода” көргөзмөгө катышты. Иш-чара АКШ Мамлекеттик департаменти, ЮСАИД жана башка жергиликтүү өнөктөштөрдүн демөөрчүлүгү менен Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги жана Жаш ишкерлер ассоцияциясы (ЖИА) тарабынан уюштурулган.

Эл аралык компанияларды Кыргыз Республикасындагы жана андан да кеңири Борбор Азиядагы коммерциялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу максатында уюштурулган ЭКСПОго бүткүл дүйнө жүзүнөн, анын ичинде АКШ, Улуу Британия, Швейцария, Италия, Чехия Республикасы жана Түштүк Кореядан келген отуз бештен ашуун компаниялар катышты.

Ачылыш сөзүндө АКШнын элчиси Дональд Лу АКШ элчилиги Кыргыз Республикасында соода менен инвестицияларды кеңейтүүгө берилгендигин белгилеп кетти. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Абылгазиев өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, жеке менчикти коргоо жана бюрократиялык тоскоолдуктарды четтетүү маанилүү приоритет болгонун билдирди.

Тарыхта биринчи жолу өткөрүлгөн Бишкектеги “Эл аралык франчайзинг жана соода” көргөзмөдө АКШ өкмөтүнүн ар кандай мекемелери жана бир нече эл аралык корпорациялардын өкүлдөрүн түзгөн өнөр-жайлык адистер тарабынан бир нече презентациялар берилди. Аларды ЮСАИДтин директору Гэри Линден ЮСАИДтин эң алдыңкы “Конкуренттүү ишкана” долбоору жөнүндө маалымат менен баштады. Андан кийин АКШнын Экспорт-импорт банкынын портфолиолор боюнча менеджери Сабир Орумбаев банктын төмөн пайыздык чендүү финансылык жана тобокелдикти камсыздандыруу продуктылары боюнча деталдуу презентация берди.

Күндүн экинчи бөлүгүндө АКШнын Консулу бизнес визасына тапшыруу тартибине көңүл бурду. Жеке секторунун АКШ ишкери Алекс Мардикиан анын Регрин Текнолоджис (Regreen Technologies) аттуу фирмасы колдонгон “таштандылардан энергия” технологиялары жөнүндө талкууну алып барды. ИТ секторунан Делл (Dell) жана Самсунг (Samsung) компаниялары булут технологияларын колдонгон жана В2В (бизнестен бизнеске) алкагындагы маселелердин чечимдерин сунуштаган жаңы продуктыларын көрсөттү. Тилек Токтогазиев, Номад Гринхаус (Nomad Greenhouse) компаниясынын негиздөөчүсү айыл-чарбасындагы технологиялар боюнча өнөр-жайлык панельдик дискуссияны алып барды. Акыры Виталий Йен (Мейлбоксис, Итс/Mailboxes, Etc), Айбек Мамбеталиев (Чибо/Tchibo), Жодар Сайдилканов (Новотел/ Novotel) жана Сотирис Карагианнис (Прагадагы Нью-Йорк унивеситети/ New York University of Prague) “Ири брендтерди франшизага алууда көнүлгө алуучу 5 нерсе” аттуу панелдик дискуссияга катышты.

АКШ элчилигинин колдоосу менен уюштурулган “Эл аралык франчайзинг жана соода” көргөзмөсү эл аралык компанияларга Кыргыз Республикасында жана Борбор Азияда инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн платформа түзүп берген эки күндүк иш-чарага кирет. 11-октябрда АКШнын элчиси Дональд Лу ЖИА Бизнес Ассоцияциясы тарабынан уюштурулган Үчүнчү Бишкек инвестициялык форумунун (БИФ) ачылыш аземинде сөз сүйлөдү. БИФ жаңылыктарды сунуш кылган мыкты бизнестерге инновациялык долбоорлорун жана бизнес-пландарын потенциалдуу инвесторлорго тартуулоого мүмкүнчүлүк берген Кыргыз Республикасындагы башкы платформа болуп эсептелет.