Эл аралык билим берүү жумалыгы: Өнөктөштөр Кыргызстандык студенттерге мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат беришет
13-ноябрь, 2023-жыл, Бишкек – Бейшемби күнү, 16-ноябрда АКШ элчилиги экинчи жыл сайын өтүүчү “Эл аралык билим берүү жумалыгы” жарманкесинин демөөрчүсү болот. Кыргызстандык мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайларынын студенттери, ошондой эле мугалимдер жана адистер АКШда жана башка өлкөлөрдө эл аралык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат ала алышат. Иш-чараны АКШ элчисинин орун басарынын милдетин аткаруучусу Брайан Бекманн ачат.
Дипломатиялык өкүлчүлүктөр, эл аралык билим берүү программалары жана дүйнө жүзүндөгү академиялык мекемелер Бишкектеги Америка борборунда өтө турган бир күндүк жарманкеде билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүшөт. Мындан тышкары, программанын бүтүрүүчүлөрү жана өкүлдөрү маалыматтык сессияларга катышышат, катышуучуларга арыз тапшыруу процесси жөнүндө суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк берет.
“Эл аралык билим берүү жумалыгы”, 13-17-ноябрь, АКШнын Мамлекеттик департаменти менен АКШнын Билим берүү министрлигинин бүткүл дүйнө боюнча эл аралык билим берүүнүн жана алмашуу программаларынын артыкчылыктарын жайылтуу боюнча биргелешкен демилгеси.
***
Катышуучу уюмдар
Европа Биримдигинин Erasmus+ улуттук программасы; Германиянын DAAD; Улуу Британиянын Chevening программасы; Венгриянын Stipendium Hungaricum; Борбор Азиядагы Америка университети; жана АКШ демөөрчү болгон бир нече программалар.
Дата/Орду
16-ноябрь, 12:00-17:30: Баялинова атындагы китепкана, 242, Огонбаев көчөсү, Бишкек ш.
Катталуу https://forms.office.com/g/TmRWMviXn1