Эл аралык билим берүү жумалыгы, 16-20-ноябрь, 2015-жылы

Эл аралык билим берүү жумалыгы чет өлкөлөрдөн билим алуунун жана  алмашуу программаларга катышуунун артыкчылыктарын белгилөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.  Бул АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана Билим берүү департаментинин биргелешкен демилгеси эл аралык түшүнүшүүнү өркүндөтүү жана эл аралык студенттик алмашуу программаларды колдоо максаты менен америкалыктарды дүйнөлүк чөйрөдө окуп жашоого даярдоо жана келечектеги чет өлкөлүк лидерлерди АКШга келип окууга жана тажрыйба алмашууга тартууга багытталган.

Мамкатчы Керри 31-октябрда Бишкекке келип Борбор Азиядагы Америка Университетинин жаңы имаратынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө белгилеп кеткендей, биз бүгүн башыбыздан зордук-зомбулук экстремизмден баштап климаттын өзгөрүүсү жана жалпыбыздын бакубат жашоого умтулганыбызга чейин көп кыйынчылыктарды өткөрүп жатабыз.  “Билим ошол көйгөйлөрдүн баарынын чечүүчү ачкычы”, – деп айтты Мамкатчы Керри.  Анын башка ойлорун билүү үчүн сөзүн толугу менен бул жерден окуңуз: http://goo.gl/L2NHKb, жана БААУда сүйлөгөнүн бул жерден көрүңүз: https://www.youtube.com/watch?v=CZsHYfsNNwQ

АКШдан билим алууга кызыккандарды 18-ноябрда боло турган жогорку окуу жайлардын Интернет жарманкесине жазылууга чакырабыз.  Ал жерден АКШнын 4500-ашуун ЖОЖдун өкүлдөрү окуу жайлары жөнүндө маалымат берүүгө жана чет өлкөлүк студенттердин суроолоруна жооп берүүгө даяр болот. https://goo.gl/QHEfDh

Эл аралык билим берүү жумалыкты белгилөө үчүн, Бишкектеги АКШнын элчилиги АКШда билим алуу мүмкүнчүлүктөргө кызыккандардын баарын Америка борборлорундагы төмөнкү  иш чараларда катышууга чакырат:

  • 18-ноябрь, 15:00 – Оштогу Америка борбору – “ЖОЖдор менен түз он-лайн байланыш жумалыгы” EducationUSA кеңешчиси менен вебчат
  • 19-ноябрь, 14:00 – Канттагы Америка борбору – “АКШда жана Кыргызстанда билим берүү” Тынчтык корпусунун волонтерлору менен жолугушуу
  • 19-ноябрь, 16:00 – Бишкектеги Америка борбору – “Мобилдик жабдуулар жана Интернет ресурстар аркылуу жаштардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” биздин АКШлык англис тил мугалимдерибиз менен
  • 20-ноябрь, 16:00 – Нарындагы Америка борбору – “UGRAD программа жөнүндө” Тынчтык корпусунун волонтерлору жана алмашуу программалардын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу
  • 20-ноябрь, 14:00 – Таластагы Америка борбору – ““UGRAD программа жөнүндө” Тынчтык корпусунун волонтерлору жана алмашуу программалардын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу
  • 20-ноябрь, 16:00 – Бишкектеги Америка борбору – “АКШда билим берүү” биздин EducationUSA кеңешчибиз менен  жолугушуу

Америка борборлору менен байланышуу маалыматтарды жана даректерди бул вебсайттан табасыздар.

Ошол жерден көрүшкөнчө!