Бишкек, Кыргыз Республикасы (15-ноябрь, 2022-жыл) – 15-17-ноябрда өтүүчү АКШ элчилиги каржылаган Эл аралык билим берүү жумалыгынын билим берүү жарманкесинде кыргызстандык жаш студенттерге көптөгөн эл аралык академиялык программалар менен таанышуу мүмкүнчүлүгү сунушталмакчы. Иш-чараны Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жана АКШ элчилигинин башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу К.Г. Мур ачып беришти.
Дипломатиялык өкүлчүлүктөр, эл аралык билим берүү программалары жана дүйнө жүзүндөгү академиялык институттар үч күндүн ичинде үч жерде академиялык мүмкүнчүлүктөрдү сунушташат. Кошумчалай кетсек, программанын бүтүрүүчүлөрү жана өкүлдөрү модератордук талкууга катышат, анда алар өздөрүнүн программаларын иштеп чыгып, студенттерге ийгиликке жетүү үчүн кеңештерди беришет.
Миссиянын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Мур жарманкенин ачылыш аземинде мындай деди: “Биз Эл аралык билим берүү жумалыгында көңүл сиздерге, студенттерге бурулушу керек экенин билебиз. Кыргыз Республикасында студенттердин үмүтү жана келечеги үчүн биз сыяктуу эле кам көргөн досторубуз жана өнөктөштөрүбүз бар экенин билебиз. Бүгүн бул жерден сиздер үчүн жеткиликтүү болгон бир нече программаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү таба аласыздар, бирок кайда жана канчалык узакка бара турганыңыз ал өзүңүздөргө жараша».
14-18-ноябрь күндөрү өтүүчү Эл аралык билим берүү жумалыгы – бул Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти менен Америка Кошмо Штаттарынын Билим берүү департаментинин биргелешкен демилгеси, эл аралык билим берүүнүн артыкчылыктарын жана дүйнө жүзү боюнча алмашуу программаларын жайылтуу. Эл аралык билим берүү жумалыгынын билим жарманкеси Кыргыз Республикасындагы эл аралык миссиялар жана уюмдар бир иш-чарада өздөрүнүн көптөгөн окуу программалары боюнча маалымат берүү үчүн соңку тарыхта биринчи жолу координацияланган иш чараны уюштурушту.
***
Катышуучу уюмдар
Европа Бирлигинин Улуттук Erasmus+ программасы; Германиянын DAAD; Улуу Британиянын Chevening программасы; Венгриянын Stipendium Hungaricum; ЕККУнун Академиясы; Борбор Азиядагы Америка Университети; France’s Alliance Française; жана АКШ тарабынан каржыланган бир катар программалар.
Убактысы/Өтүүчү жайлар
15-ноябрь, 1400-1700: Баялинов атындагы китепкана, Тыныстанов көчөсү, 242, Бишкек ш.
16-ноябрь, 1400-1700: Кыргыз улуттук университети, Фрунзе көчөсү, 547, Бишкек ш.
17-ноябрь, 1400-1700: Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, проспект Мира, 66, Бишкек,
###