Кыргызстанда башталгыч класстарынын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу боюнча иш-чара өткөрүлүүдө

Башталгыч класстарынын окуучуларынын   окуу көндүмдөрүн жакшыртуу жана алардын  китеп окууга болгон  кызыгуусун  арттыруу  максатында  Бишкек шаарындагы    №66 -окуу -тарбия комплексинде    20- февралдан 4 -мартка   чейин  USAID «Бирге окуйбуз» долбоору  Бишкек шаарынын Билим берүү  башкармасы жана Билим жана Илим берүү министрилиги   менен бирдикте  окуучулардын   окуу көндүмдөрүн жакшыртуу боюнча  10 күндүк иш-чараны    пландаштырууда.  №66 -окуу -тарбия комплекси    USAID «Бирге окуйбуз» долбоорунун максаттуу мектептеринин бири.

Декада учурунда   башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жакшыртуудагы   натыйжалуу окуунун  беш компонентин  камтыган  көрсөтмөлүү сабактар, ушул эле тематикадагы класстык сааттар, «Менин сүйүктүү жомогум» деген темадагы китепчелердин конкурсу, «Ардактуу окурман» деген аталыштагы кичинекей окурмандардын мелдеши,  «Менин сүйүктүү китебим» аттуу  дил баян жазуу боюнча конкурс жана  башка көптөгөн кызыктуу  иш-чаралар өткөрүлөт.

 “Баштапкы класстардагы окуу- ийгиликтүү окутуунун негизи. Окуу көндүмдөрүн баштапкы класстарда жакшыртуу АКШ Эл аралык өнүктүрүү Агенттигинин (USAID) Борбор Азия аймагындагы ишмердигинин стратегиялык багыты болуп эсептелет”, – дейт Майкл Грин, КРдагы USAID миссиясынын директору.

      Сапаттуу окуу боюнча долбоор –  Америка элинин АКШ Эл аралык өнүктүрүү Агенттиги (USAID) аркылуу көрсөткөн колдоосу жана  жардам программасы катары жүргүзгөн көп долбоордун бири. USAID тууралуу кеңири маалыматты www.usaid.gov/kyrgyz-republic  сайтынан караңыз.

    Декаданын  салтанаттуу ачылышына  жана башка кызыктуу иш-чараларга катышуу үчүн  массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакырабыз. Тиркемеде иш-чаралардын планы берилген. Биз сиздердин суроолоруңузга 0312680986 телефон аркылуу   жооп берүүгө даярбыз.