Бишкек. 26 жана 27 мартта Улуттук Кургак учукка каршы (КУ) Борбору «Сапаттуу саламаттык сактоо» USAID Долбоорунун Кыргыз Республикасында КУ лабораториялардын ишин жана кургак учукка каршы препараттарды башкаруу методдорун жакшыртуу жаатындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкуулоо боюнча эки тегерек стол уюштурат. Иш-чарага Саламаттык сактоо министрлигинин, Улуттук Кургак учукка каршы Программасынын, баштапкы медициналык-санитардык жардамдын, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Тегерек стол 26-мартта саат 9:00дөн 14:00гө чейин Park Hotel мейманканасында (Орозбеков көч. 87, Бишкек ш.) жана 27-мартта саат 10:00дөн 13:00гө чейин Golden Dragon мейманканасында (Элебаев көч. 60, Бишкек ш.) болуп өтөт.
Какырык мазогунун микроскопиясы КУ (кургак учук) диагностикасынын негизги методу болуп эсептелет жана дарылоонун натыйжалуулугун контролдоо үчүн колдонулат. Бул методдун сапатын үзгүлтүксүз контролдоо кургак учук менен ооруп калуунун бир да учурун калтырбоого же алар лабораториялардан жалган диагностикаланып калышын болтурбоонун кепили үчүн өтө маанилүү болуп саналат. Сапатты Сырттан Камсыз кылуу Программасы (ССК) бул дүйнө жүзүндө таанылган инструмент, ал лабораторияларга өз ишин үзгүлтүксүз баалоого жана алардын жыйынтыктарынын тактыгын жакшыртууга көмөктөшөт. 2013-жылга чейин ССК жакшыртылган методдору Кыргыз Республикасында кеңири колдонулган эмес.
2013-жылдан тартып «Сапаттуу саламаттык сактоо» USAID Долбоорунун колдоосу менен ССК системасы менен камтуу өлкөбүздө 35%дан 93%га чейин көбөйдү. Долбоор өлкөдөгү 129 лабораториялардын 120 лабораториясынын кызматкерлерин окутуп, ССК программаларын кеңейтүүнүн институционализациясы үчүн жер-жерлерге барып келүүлөрдү уюштурду. Гульшан Матаева, Бишкек ш. КУ Борборунун лаборатория башчысы жана ССК программасынын Улуттук координатору мындай деп айтат: «USAID колдоосунун натыйжасында биз микроскопиянын сапатын баалай алабыз, бардык процедураларды системалуу түрдө аткарабыз, ошондой эле дарыгерлер үчүн так жыйынтыктарды көрсөтөбүз» Дурус баштапкы жыйынтыктарга негизделип, Улуттук референс лаборатория – бүт өлкөдө лабораторияларды контролдогон жана кургак учуктун сапаттуу эрте диагностикасын камсыз кылган мамлекеттик мекеме, ССК системасын институционализациялоо үчүн жарлыктарды даярдайт.
«Сапаттуу саламаттык сактоо» USAID Долбоору кургак учукка каршы препараттарды тандоого, сатып алууга, санын баалоого, сактоого, бөлүштүрүүгө жана рационалдуу колдонууга стандартташкан ыкманы камсыз кылуу үчүн КУ препараттарын башкаруу маселелери боюнча Стандарттуу Операциялык Процедураларды иштеп чыкты жана республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерин окутту. Ошондой эле Долбоор балдардын кургак учукка каршы сапаттуу препараттарын жеткирүүнү камсыз кылууга жана жаңы муундагы КУ препараттарын каттоого Улуттук Кургак учукка каршы Программасына колдоо көрсөттү.
Саламаттык сактоо секторундагы USAID программалары жөнүндө толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: http://www.usaid.gov/ru/kyrgyz-republic/global-health
Контакт: Стобдон Калон, Телефон.:(312 )622204; (312) 624318 Email: Stobdan_Kalon@qhcp.net