
2016-жылдын 2-ноябры
Бишкектеги АКШнын элчилиги 2016-жылдын 14-ноябрынан баштап Кыргыз Республикасынын тургундарына иммиграциялык визаларды берүү процессин баштайт.
Иммиграциялык визаны петициянын негизинде алуучу талапкерлерге жана “Ар-түрдүү улутта болгон иммигранттар үчүн виза” программасынын (“Грин кард” лотереянын) жеңүүчүлөрүнө мындан кийин маекти же медициналык текшерүүнү өтүш үчүн Алматы шаарына барыштын кереги жок. Талапкерлер иммиграциялык визаны алуу процедурасын жана медициналык текшерүүнү Бишкектеги АКШнын элчилигинде өтө алышат. Медициналык текшерүүнү АКШнын элчилиги дайындаган даарыгерлерден гана өтсө болот. Мындан тышкары, Бишкек шаарында талапкерлерге консул менен маектешүүнү англис, кыргыз же орус тилдеринде өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
2016 жылдын 14-ноябрына чейин маектешүүнү өткөн же маектешүүгө жазылган талапкерлер иммиграциялык виза алуу процедурасын Алматыдагы консулдук бөлүмүндө улантуусу зарыл. Бишкектеги АКШ элчилигинен электрондук дарегине жеке билдирүү алгандардан сырткары. 14-ноябрдан баштап АКШ элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасында жашаган башка улуттагы жарандарына маектешүүнү өткөрүүнү автоматтуу түрдө пландаштырууну баштайт. Талапкерлер иммиграциялык визаны алуу процедурасы боюнча суроолор менен Консулдук бөлүмгө электрондук дарек аркылуу кайрылса болот: BishkekIV@state.gov
Иммиграциялык визалар жөнүндө толук маалыматты Мамлекеттик департаменттин жана АКШ элчилигинин интернет баракчаларынан алса болот.