11-15-апрелде, Бишкекте, АКШнын Юстиция министрлигинин Банги заттарды көзөмөлдөө башкармалыгынын (DEA) эксперттери Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын жана Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын тергөөчүлөрү жана оперативдик кызматкерлери менен баңгизат чөйрөсүндөгү укук бузууларды тергөө боюнча мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүшөт. Беш күн бою катышуучулар бул тергөөлөрдүн теориялык жана практикалык жактарын жана ведомстволор аралык кызматташуунун пайдасын талкуулашат.
АКШ элчилиги бул долбоорду Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (UNODC) аркылуу каржылайт жана билим менен тажрыйба алмашуу максатында ушундай окууларды өткөрүү үчүн DEA эксперттерин чакарды. UNODC банги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча дүйнөлүк лидер болуп эсептелет жана мыйзамсыз баңги заттарга, уюшкан кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөш боюнча мүчө-мамлекеттерге жардам берүүгө милдеттенген.