Бишкекте “Иликтөө маалыматын аныктоо жана иштеп чыгуу” тренинги болуп өттү

Бишкек – 2022-жылдын 27-майы, АКШ Элчилигинин Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерин АКШнын Мамлекеттик департаментинин терроризмге каршы жардам көрсөтүү (АТА) долбоорунун “Иликтөө маалыматын аныктоо жана иштеп чыгуу” курсун ийгиликтүү аяктагандыгы менен куттуктады.

Кыргызстандын укук коргоо жана коопсуздук органдарынын 16 кызматкери он күн бою Кыргыз Республикасындагы терроризмди аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу үчүн укук коргоо органдарынын иликтөө процессине чалгындоо маалыматын талдоо ыкмаларын кантип киргизүүнү үйрөнүштү. Катышуучулар бир катар иликтөөнү талдоо жолдору жана тергөөдө маалыматты изилдеп чыгуу боюнча заманбап ыкмалары менен тааныштырылды.

Талкуу топтору, көйгөйлөрдү чечүү көнүгүүлөрү, учурларды талдап чыгуу жана курстун сценарийи аркылуу катышуучулар терроризмге каршы күрөшүү үчүн укук коргоо органдарынын тергөө маалыматтарын колдонуунун инновациялык ыкмаларын үйрөнүштү жана ар кандай укук коргоо органдары менен маалымат алмашуунун маанилүүлүгүн түшүнүштү.

Алар укук коргоо органдарынын чалгындоо процессин, аналитикалык методологияларды, маалымат алмашуу жана кызматташууну, террористтик мотивдерди жана методологияларды, укук коргоо органдарынын тергөө талдоосуна байланыштуу этиканы карап чыгышты.

Курстун бүтүрүүчүлөрүнө кайрылып, Коултер айым АКШнын Каржы департаменти Ирак жана Сириядагы «Ислам мамлекетинин» (ISIS) Индонезия, Сирия жана Түркияда иш алып барган беш каржылык көмөкчүсүнө каршы жакында киргизген санкциялары тууралуу баяндап берди. Коултер тергөө маалыматтарын аныктоо жана өнүктүрүү терроризмге каршы иликтөөлөрдүн негизги аспектиси экенин жана АКШ «Ислам мамлекетин» жеңүү боюнча глобалдык коалициянын бир бөлүгү катары «Ислам мамлекетинин» мыйзамсыз каражаттарды чогултуу жана жүгүртүү мүмкүнчүлүгүнөн арылтууга аракет көрүп келгенин баса белгиледи.

«Иликтөө маалыматын аныктоо жана өнүктүрүү» курсунун алты катышуучусу Чүй облусунан жана Бишкек шаарында иштеген кесиптештерине кошулуу үчүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынан Бишкекке келген. Катышуучулар окуу иш-чарасынын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын, инструкторлордун өзгөчө тажрыйбасын жана кылдат пландаштырылган окуу планын белгилешти. Катышуучулардын бири мындай деди: «Практикалык көнүгүүлөр биринчи караганда абдан жеңилдей көрүндү, бирок биз иштей баштагандан кийин алар көңүл бурууну талап кылган көптөгөн маанилүү аспектилерди ачып беришти. Топтук иш конструктивдүү диалогго алып келди жана биз системалардын айырмачылыктарын жана жалпы жактарын көрүп жатабыз».

Сурактын өркүндөтүлгөн ыкмалары боюнча семинардын бул сессиясы өлкөдө 2022-жылдын июлуна чейин пландаштырылган алты курстун бири.

1983-жылы түзүлгөн, Мамлекеттик департаменттин антитеррордук жардам (ATA) долбоору АКШ өкмөтүнүн чет өлкөлүк укук коргоо органдары үчүн терроризмге каршы окутуу жана жабдууларды камсыздоочу эң башкы демөөрчү болуп саналат. АТАнын бардык жардамдары адам укуктарын урматтоого көмөктөшүүчү мыйзам үстөмдүгүнүн алкагында берилет.

АТА Терроризмге каршы бюросунан каржыланып, башкаруу багытын алат жана Дипломатиялык коопсуздук кызматы (DSS) тарабынан башкарылат.

###