АКШдан келген гуманитардык жүк жүздөгөн баткендиктерге пайдасын тийгизет

Бишкек, Кыргыз Республикасы, 24-ноябрь, 2022-жыл – Жүздөгөн баткендиктер Америка Кошмо Штаттарынын аймактагы жапа чеккен жарандарга колдоо көрсөтүү иш-аракеттеринин алкагында АКШдан өтө керектүү буюмдарды алышат. Бул жардам АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосундагы кызматташтыктын аркасында АКШнын Коргоо министрлигинин гуманитардык жүк ташуучу рейсин координациялоонун натыйжасында мүмкүн болду.

Жүк ташуучу рейске керебеттер, матрацтар, шейшептер жана кышкы кийимдер кирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул буюмдарды Баткен облусундагы чек арадагы коогалаңдан жабыркаган кыргызстандыктардын гуманитардык муктаждыктарын колдоо үчүн маанилүү деп тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабыркагандарга жардам көрсөтүп, бул жардамды бөлүштүрөт.

Бул колдоо АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан берилген 8 миллион сомго (100 000 доллар) жана гигиеналык комплекттерине кошумча болуп саналат, алар Кыргыз Республикасындагы эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөр тарабынан таратылат. Акчалай жардам жана комплекттер Баткен облусундагы миңдеген адамдардын, анын ичинде балдардын муктаждыктарын канааттандырууга жардам берди.