Кыргызстандын тарыхый байлыгын таанытуу үчүн музейлерди күчөтүү

Чолпон-Ата, Кыргызстан – АКШ USAID аркылуу Кыргызстандагы музейлерди туристтерге жагымдуу жай катары өнүктүрүү үчүн 20 музейдин башкаруу жөндөмүн күчөтүү боюнча иштеп жатат. Жергиликтүү жана эл аралык окутуучулар музей ишкерлери жана туроператорлору үчүн кызматташуу боюнча семинарларды өткөрүшөт. Пландаштырылган төрт тренингдин биринчиси Чолпон-Атада 23-майдан 27-майга чейин өтөт. Музейлер менен туроператорлор ортосундагы кызматташууну чыңдоо – биринчи сессиянын негизги максаты.

Тренингде тажрыйбалуу адистер катышуучуларга музейди башкаруу, маркетинг, акча чогултуу, экспозиция, кызматташуу жана жеке жактар менен кызматташуу жолдору боюнча сабак өткөрүшөт.

Бул тернинг катышуучулардын күнүмдүк жашоосунда колдоно турган ыкмаларды камтып, дароо эле ишке кирише тургандай кылып кылдаттык менен иштелип чыкты. Катышуучулар конкреттүү продукттарды иштеп чыгышып, аларды жеке менчик сектордогу инвесторлорго, донорлорго жана  өлкөдө туризмди жакшыртууга кызыккан башка тараптардга сунушташат.

Бул демилгени Кыргызстандын улуттук маданий мурасын сактоо жаатында иштеген алдыңкы бейөкмөт уюм “Музей демилгелеринин борбору” (МДБ) “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” (BGI) долбоорунун алкагында ишке ашырып жатат.

“МДБ, кыргыз музейлер жана USAID ортосундагы уникалдуу кызматташтык колдонууда болгон көндүмдөрдү өркүндөтүүгө, белгилүү эл аралык эксперттерден алдыңкы ыкмалар жана тажрыйбалар жөнүндө билим алууга жана, натыйжада, Кыргызстанга келген туристтердин эс алуусун биздин музейлерибизде маданий мурастын кайталангыс коллекциясы аркылуу байытууга  мүмкүндүк берет”, – деп белгиледи Аида Алымова, МДБнун директору.

Музейлер Кыргызстандагы туризмдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Чет өлкөлүк туристтер өлкөнүн тарыхы жана маданияты жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалашат, музейлер болсо ошондой маалыматтын эң жакшы булагы. USAID кыргызстандык музейлер менен иштеп, аларга  көбүрөөк турист тартууга жана Кыргыз Республикасынын бай маданий мурасын туристтерге көрсөтүү боюнча иш алып барганы менен сыймыктанат.

Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” – бул Кыргызстандык туризм,  тигүү өнөр жай жана курулуш сыяктуу экономика жааттарын өнүктүрүүгө багытталган төрт жылдык долбоор.