Кыргызcтандын жарандары беш жылдык көп жолку визаларды ала алышат

АКШ эличилиги Америкалык Кошмо Штаттары жана Кыргызстан эки мамлекеттин жарандарына беш жылдык мөөнөткө көп жолку визаларды 2015-жылдын 28-апрелинен баштап бериле турганы тууралуу кабарлаганга кубанычту.  Кайталунуучу визаларды берүү келишимди ишке ашыруу боюнча Кыргызстан мамлекетинде иштеген кесиптештерибизге чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Кыска мөнөөтткө туристик жана ишкерлик  максаттар менен каттаган талапкерлерге визалардын жарактуу мөөнөтүн 12 айдан 60 айга чейин узартуу менен биз мамлекеттерибиздин ортосундагы терең байланыштарды чыңдайбыз. Жаңы киргизилген эрежелер жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана арзаныраак болот,  визаны тез-тезден жаңыртуунун кереги болбой калат.

Мыйзам ченеминде каттагандардын визаларын эффективтүү жол менен чыгарып берүү, ошону менен бирге чек аралардын сактыгын сактоо – бул АКШнын приоритети  болуп эсептелет. Бул келишим АКШнын туризм менен  соода сатыкты жана элдерибиздин отросундагы ич ара кызматташууну кенейтүү үчүн жасаган өзгөчө аракетин белгилейт. Элдерибиздин отросундагы жеке мамилелер – бул өз ара түшүнүшүүбүздү, достук мамилебизди жана инновацияларды  бекемдөө үчүн алмаштырылгыс нерсе. Бул келишим  Кыргызстандын экономикасын жана демократиялык түзүлүшүн  бышыктайт жана келечекте эки мамлекеттин маанилүү өнөктөштүк мамилесин бекемдейт деп ишенебиз.   Өлкөлөрүбүздүн отросунда барып келүүнү жөнөкөйлөтүү иш аракеттерибиздин келечекте уланаарына ишенебиз.