Flag

An official website of the United States government

Factcheck.kgнин башкы редактору Болот Темиров АКШ Мамлекеттик департаментинин
Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгач сыйлыгына татыды
Тарабынан
2 МИНУТ ОКУЛДУ
February 23, 2021

23-февраль, 2021-жыл – Бишкек – Бүгүн Вашингтондо АКШнын Мамлекеттик департаменти Facheck.kg сайтынын баш редактору Болот Темиров мырзаны бүткүл дүйнө жүзү боюнча ачыктык жана отчеттуулук үчүн күрөшүп келген 12 адам менен катар Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыктын ээси деп жарыялады. Башка көптөгөн күчтүү талапкерлер менен ат салышып, Темиров мырза узак жылдар бою мамлекеттик коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка көңүл бурган иликтөөчү журналист катары сыйлыкка ээ болду.

Элчи Дональд Лу АКШнын Бишкектеги элчилигинде Темировго сыйлык тапшырып жатып, “Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция – бул бир медалдын эки тарабы, жана Болот Темировдун иши экөөнүн тең бетин ачып турат. Кыргыз эли Болот сыяктуу эр жүрөк журналисттер укук коргоо органдарынын Райымбек Матраимов жана Камчыбек Көлбаев сыяктуу адамдарды кылмыштары үчүн жоопко тартуу максатында жүргүзгөн иш-аракеттерин колдойт деген ишенимге ээ болушу керек”, – деп белгилеген.

Сыйлыкты кабыл алып жатып, Factcheck.kg-нин баш редактору Темиров мырза: «Мен бул сыйлыкты алган дүйнө жүзү боюнча алгачкы 12 кишинин катарына киргениме сыймыктанам. Эң башкысы, Кыргызстан бүткүл дүйнөгө таанылып жаткандыгына кубанычтамын. Коомдогу терс көрүнүштөргө каршы күрөшүп жатканыбызды жана бийликтин ачык иш алып барууга бет алып, отчеттуулугун жогорулатуу жолуна түшкөнүн бүткүл дүйнө билет. Кыргызстандык жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМКлары) өлкөнү жакшы жакка өзгөртө ала турган көзкарандысыздыктын жана эрдиктин деңгээлине жете алды», – деди.

Ноябрь айында Президент Садыр Жапаров: “Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө журналисттик адистиктин мааниси артып, маалыматсыз жашоо элестетилбей калган учур. Мындай шартта демократиялык өнүгүү жолундагы Кыргызстан үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ачык-айкындуулугунун баасы өтө жогору экенин өлкө турмушундагы орчундуу окуялар таасын далилдеп келет”, деп билдирген.

Америка Кошмо Штаттары дүйнө жүзүдөгү коррупциянын туруксуздаштыруучу кесепеттери тууралуу кабардар, жана ага каршы күрөшүүнү биринчи кезектеги милдети катары тааныйт. АКШ өкмөтү 1 миллиард доллардан ашык коррупциялык каражаттарды конфискациялап жабырлануучу өлкөлөргө, ийгиликтүү кайтарып берген. 2020-жылы эле Америка Кошмо Штаттары 41 коррупциялашкан чет өлкөлүк мамлекеттик кызматкерди аныктап, алардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн АКШга кирүүсүнө, анын ичинде Райымбек Матраимовго мүмкүнчүлүк бербей койгон. Учурда Кошмо Штаттар Камчыбек Көлбаевдин кылмыштуу тармагын үзгүлтүккө учураткан маалымат үчүн 1 миллион доллар сыйлык сунуштоодо. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасында жана бүткүл дүйнө жүзүндө коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү колдосун улантат.