Flag

An official website of the United States government

Алмашуу программалар
Тарабынан
29 МИНУТ ОКУЛДУ

АКШ Өкмөтү билим берүү, илимий тармактагы адистерди алмашуу боюнча ар түрдүү программаларды каржылайт. Бул программалар маалыматтар, идеялар менен эркин алмашууга жана ошону менен катар Кошмо Штаттар менен Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүктү тереңдетүүгө түрткү болот.

Тарабынан

“КООМЧУЛУКТУН ЧЕЧИМДЕРИ” ПРОГРАММАСЫ

“Коомчулуктун чечимдери” программасы– дүйнө жүзү боюнча ачык-айкындык жана подотчеттуулук, толеранттуулук жана конфликттерди чечүү, табигый чөйрө, аялдар жана гендер багыттарында иштеген демилгелүү лидерлерди кесиптик деңгээлин жогорулатуучу курс өтүүгө АКШга чакырат. Алар АКШдагы өз кесиптештери менен жолугушуп, тажрыйба алмашуу менен бирге жарандык коомдун көп жылдык өнүгүү тажрыйбасын үйрөнүшөт жана бай тажрыйбаларын, таасирлерин өз өлкөлөрүндө жүзөгө ашыруу максатында алып келишет. Бул программанын алкагында, лидерлер коомдук иш боюнча практикалык тажрыйба алышат, лидерликтин онлайн институтунун эң ийгиликтүү тажрыйбалары менен таанышып, алар менен алака түзүшөт жана өз мамлекетинде жүргүзө турган коомчулукка багытталган иш планын түзүшөт. 

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Community Solutions Program веб-сайтына кириңиз. 

Тарабынан

Хьюберт Хамфри стипендия программасы

Хьюберт Хамфри стипендия программасы – адистерге Кошмо Штаттарда он ай окуп, кесиптик адистигин жогорулатууга (окумуштуулук даража берилбестен) мүмкүнчүлүк түзөт. Хамфри программасынын талапкерлигине мамлекеттик жана менчик секторлордо кызмат кылган, жетекчилик потенциалы күчтүү, коомдук иштерге демилгелүү катышкан кесипкөй адистер тандалат.

Тарабынан

Эл аралык лидерлик программа (IVLP) 

Эл аралык лидерлик программа (IVLP) – жыл сайын ар кайсы өлкөлөрдөн адистерди окутуп, кесиптештер менен жолугушууларды, талкууларды уюштурат жана квалификациялуу сынактан өткөрөт. Саясат, массалык маалымат каражаттары, билим берүү, башкаруу тармагында иштеген потенциалдуу лидерлер чет өлкөлөрдөгү америкалык жооптуу кызматкерлер тарабынан тандалат.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн International Visitor Leadership веб-сайтына кириңиз.

Тарабынан

OneBeat℠ программасы 

OneBeat дүйнө жүзүндөгү музыканттарды (19–35 жаштагы) жыл сайын жазында жана күзүндө Америка Кошмо Штаттарына бир айга биргелешип оригиналдуу музыка жазууга, чыгарууга, аткарууга жана искусствонун алкагында негизделген коомдук катышуу үчүн стратегияларды иштеп чыгууга чакырат.

OneBeat катышуучуларды сөз эркиндигин өнүктүрүү, демократиялык катышууну өнүктүрүү, гендердик теңчиликти колдоо, музыкалык экономиканы куруу жана жаштардын өнүгүүсү үчүн мейкиндик түзүү сыяктуу маселелерди чечкен демилгелерди көтөрүүгө үндөйт.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, төмөнкү дарекке кайрылыңыз: 1beat.org

 

Тарабынан

“Ачык дүйнө” программасы 

Эл аралык “Ачык дүйнө” программасы  Россия менен Евразия өлкөлөрүнөн келген жаңы лидерлерди Американын демократиясы, жарандык коомунун иштери менен кеңири тааныштырат. Бул программа АКШ бийлигинин  мыйзам чыгаруучу тармагындагы  тажрыйба алмашуу жүргүзгөн бирден бир жана алгачкы программа.

Тарабынан

Келечектеги Лидерлер программасы (FLEX) 

Келечектеги Лидерлер (FLEX) программасы – бул Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы окуучуларга бир  жыл  америкалык мектепте окууга жана үй-бүлөдө жашоого мүмкүнчүлүк берген маданий алмашуу программасы.

Бул программа Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен Эл аралык билим берүү боюнча Америка кеңеши – American Councils тарабынан ишке ашырылат.

FLEX программасынын негизги максаты – өз ара түшүнүшүүнү жакшыртуу жана Америка Кошмо Штаттарынын жарандары менен башка элдердин жана мамлекеттердин ортосундага узак мөөнөттүү мамилелерди иштеп чыгуу жана чыңдоо. АКШнын Мамлекеттик Департаменти орто мектептин окуучуларын алмашуу программасын 50дөн ашуун мамлекеттерде ФЛЕКС жана башка окуу программалары аркылуу колдойт. Программа 1993-жылы башталгандан бери 24000ден ашык окуучулар FLEX программасына катышышкан.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, төмөнкү шилтемеге кайрылыңыз: kyrgyzstan.americancouncils.org/flex

Тарабынан

Глобалдык студенттер үчүн алмашуу программа (Global UGRAD)

Глобалдык студенттер үчүн алмашуу программа (Global UGRAD) – бул жаңы чыгып келе жаткан студентлидерлерге АКШнын колледжинде же университетинде даражасы жок академиялык окуу үчүн бир семестрге стипендия менен каржылаган программа. Global UGRAD аркылуу боюнча болочок лидерлер АКШнын жогорку окуу жайларында билим алуу тажрыйбасына ээ болушат, кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүшөт жана жаңы маданияттар менен таанышышат.

Стипендиялар окуу жайында бир семестрды аяктаган жана бакалаврдын күндүзгү окуу  бөлүмүндө окуган студенттерге гана берилет.

Бул программаны аяктагандан кийин, катышуучулардын мекениндеги окуу жайында жок дегенде дагы бир семестр же ага эквиваленттүү окуу мөөнөтү калышы керек.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, төмөнкү дарекке кайрлыңыз: UGRAD

Тарабынан

TechWomen программасы

АКШнын Мамлекеттик Департаментинин билим берүү жана маданият бюросунун демилгеси, дүйнө жүзү боюнча аялдардын жана кыздардын статусун жогорулатуу жана аялдарга өз потенциалына жетүү үчүн илим, технология, инженерия жана математика (STEM) тармактарын өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Программа Сан-Франциско булуңундагы жана Чикаго, Иллинойс штатындагы инновациялык компаниялар менен өнөктөш болуп, аял лидерлерди кабыл алып, аларга насаатчылык, кесиптик өсүү жана маданий алмашуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. 

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кириңиз: techwomen.org

Тарабынан

TechGirls программасы

TechGirls – бул Америкада өтүүчү жайкы алмашуу программасы, АКШдан жана башка өлкөлөрдөн келген жаш кыздарга (15-17 жаш)  илим, технология, инженерия жана математика (STEM) боюнча жогорку билимге жана карьерага умтулууга жана тандоого багытталган программа . TechGirls программасынын өзөгүн АКШдагы 24 күндүк тажрыйба түзөт. Virginia Tech менен өнөктөштүктө катышуучулар практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча тренингдердиSTEM тармагындагы заманбап технологияларды жана ар кандай билим берүү жана кесиптик жолдорду тереңдетүүчү интерактивдүү технологиялык лагерге катышышат. Андан кийин, TechGirls Америка Кошмо Штаттарынын шаарларына (Остин, Чикаго, Цинциннати, Денвер, Детройт же Сиэтл) коомчулукка чөмүлүү жана STEM карьерасын изилдөө үчүн барышат. TechGirls программанын артыкчылыктары катышуучулар жети айлык насаатчылык менен жамааттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өз өлкөлөрүнө кайтып келгенде деле уланат. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кириңиз: techgirlsglobal.org