Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги

Консул бөлүмү Кыргызстанда жашаган америкалык жарандарга тейлөө кызматын көрсөтөт. Бул кызматтарга паспорттун мөөнөтүн узартуу, чет жерде туулгандарга күбөлүк берүү жана башкалар кирет. Бул бөлүмдө АКШга сапарга чыккандарга иммиграциялык  эмес уруксат (виза) берүү маселеси чечилет. Биздин консулдук тейлөө кызмат тууралуу кенен маалымат алуу үчүн биздин веб сайттагы консулдук беттерге кириңиздер.

Аскердик атташе башкармасы Кыргыз Республикасынын Коргонуу министрлигиндеги кесиптештери менен аймактык коопсуздук, коргонууну модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелеринде тыгыз кызматташтыкта болуу үчүн иш алып барат.

Бишкек шаары, 720016, Тынчтык кең көчөсү 171
Тел.: +996 312 597 000
Факс: +996 312 597 744

 

Экспорттук текшерүү бөлүмү  жана чек аралардын коопсуздугун сактоого  өбөлгө түзүү программасы (EXBS)

Экспорттук текшерүү жана чек аралардын коопсуздугу Программасы (EXBS) АКШнын мамлекеттик департаментинин демилгеси жана программанын багыты   Кыргыз Республикасы менен биргелешип иштеп, экспорттук текшерүү системасын өркүндөтүү болуп саналат. EXBS программасынын максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө массалык кыруу каражаттарын (МКК) же ага байланышкан башка каражаттарды жана кадимки  курал-жарактарды  мыйзамсыз ташуу жана таратууга байланыштуу иштерди табуу, аларга жол бербөө, иликтөө жана кылмыш жазасына тартуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга колдоо көрсөтүү. Бул программа чек ара коопсуздугун камсыздаган органдарга, укук коргоо органдарына, прокурорлорго жана Кыргыз Республикасындагы импорт/экспорт иштерине лицензия берүүчү жооптуу кызматкерлерге көмөк корсөтөт.

2000-жылдан бери EXBS программасы Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугу, стратегиялык товарларды  жайылтууга жана соодалоого эл аралык стандарттарга жооп берген  текшерүү орнотуу боюнча күч-аракеттерин колдоо, бул үчүн окутууга,  жабдууларды алууга 24 млн доллардан ашуун каражат берген.

Бөлүм кыргыз укук коргоо органдарынын кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана коомдук коопсуздукту сактоого адис мамиле кылуу менен коррупциясы жок ишмердүүлүгүн жакшыртууга жардам берет.Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза акыйкат сот системасында мыйзамдын биринчи турушуна түрткү болот, көз карандаы эмес сот системасын колдойт, адамдын, анын ичинде жапа чеккендердин да негизги укуктары сакталган акыйкат жана натыйжалуу укуктук системаны орнотууга жардам берет. INL бөлүмү ошондой эле бангизаттар менен күрөшүүнү, иликтөө иштерин жүргүзүүнү, кылмыштарды соттук  жазалоону, анын катарында соттук-медициналык экспертиза тармагын да эл аралык стандарттарга шайкеш өркүндөтүү боюнча иштерди алып барат.

Программанын бөлүктөрү:

Укук коргоо органдары: Укук коргоо маселелери боюнча башкы кеңешчи (УКББК) кыргыз милициясына кесиптик ишмердүүлүгү, окутуу, коррупцияга тоскоол болчу жана жарандарды тейлөө сапатын жогорулатуучу  системаны түзүү боюнча жардам берет. Бишкектеги милициянын мектебин реконструкциялоо мунун натыйжаларынын бири. INL Ички иштер министрлигинин криминалдык лабораториясын жаңылоого колдоо жасады, Юстиция министрлигинин соттук-медициналык экспертизасына колдоо көрсөтүп жатат.

Баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөш: INL Кыргызстандын органдарына түндүк Афганстандан кирип жаткан баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөштөгү күч-аракеттерине колдоо көрсөтүп жатат.

Акыйкат сот секторун реформалоо: INL АКШнын Юстиция министрлигинин Туруктуу юридикалык кеңешчисин каржылап жатат: анын максаты  өкмөттүн акыйкат сот секторун реформалоо жана коррупция менен курөшүү боюнча иш-чараларына жардам берүү болуп саналат. Адвокаттардын потенциалын жогорулатуу багытында  бирдиктүү коллегия түзүүнү жана адвокаттардын Окуу борборун андан ары өркүндөтүүнү колдогон долбоор да бар.

Бөлүм элчиликтин ишиндеги бардык келишим түзүү, техникалык, чарбалык камсыздоо, транспорт, курулуш маселелерин чечет.

 

Бөлүм элчиликтин бардык финансылык жана кадрдык иштерин алып барат АКШынын элчилигинде бош жумуш орундары бар экендигин бул жерди басып билип алсаңыз болот.

Аскердик кызматташтык бөлүмү Кыргызстандын Коргоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана чек ара кызматы менен коопсуздук маселеси боюнча кызматташтык программаларын ишке ашыруу жана координациялоо багытында, наркобизнес жана терррорчулук менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана аймактагы тынчтыкты сактоо боюнча мамлекеттер аралык операцияларда биргелешкен ишмердүүлүктү күчөтүү боюнча иш алып барат. АКШнын Башкы командалыгы жана анын программалары тууралуу кенен маалыматты вебсайттан табасыздар: http://www.centcom.mil/.

 

АКШ элчилигинин саясий-экономикалык бөлүмү өкмөттүк, финансы жана ишкер чөйрөлөрү, кыргыз коомчулугунун  өкмөттүк эмес уюмдары менен кызматташып, америкалык саясатчылар менен Кыргыз Республикасынын жетекчилеринин ортосундагы карым-катыштарды түзүү багытында иш алып барат, америкалык саясий ишмерлерге кыргыз коомчулугунун бардык катмарларынын пикирин чагылдырган докладдарды даярдайт.

Коомчулук менен байланыш бөлүмү  Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын элдеринин ортосундагы өз ара тушүнүүчүлүктү тереңдетүү багытында америкалык бурчтар, борборлор, маданий программалар, билим берүү жана  адистик алмашуу программалары, маалымат каражаттарын колдоо программалары, англис тилине үйрөтүү жана башка иштерди алып барат. Эгерде Америка Кошмо Штаттары тууралуу көбүрөөк билгиңиз келсе  америкалык бурч сиздин жаныңызда, келиңиз. Башка маселелер боюнча төмөнкү дарек боюнча байланышсаңыз болот: BishkekPAS@state.gov.

Региондук коопсуздук бөлүмү чет өлкөдөгү элчиликтин жана америкалык жарандардын коопсуздугун камсыз кылат.

Тынчтык корпусунун алгачкы ыктыярдуулар тобу Кыргыз республикасына 1993-жылдын июнь айында келген. 2016-жылдын 26-августунда  Миссия башчысынын орунбасары Алан Мельцер Кыргыз улуттук филармониясында тынчтык корпусунун америкалык волонтерлорунун 24-тобунун ант берүусунө  катышкан.

2016-жылдан 2018-жылга чейин ыктыярдуулардын 24-тобу АКШ Тынчтык корпусу менен КР  Билим берүү жана  илим министрлигинин ортосундагы биргелешкен кызматташтыктын алкагында Кыргызстандын университеттеринин жана Нарын, Ысык-Көл, Чуй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын орто мектептеринин  жергиликтүү англис тил окутуучулары менен иштешет. Андан сырткары ыктыярдуулар ошол жердеги  Англис тили клубдарында топторго окутууларды жургузуп, өркүндөтүлгөн усулдарды иштеп чыгууга жардам беришет.

Бул 24-ыктыярдуулар тобун 21 жаштан 46 жашка чейинки  америкалык ар кайсы 19 штаттан келген адамдар түзөт.

2017-жылы Тынчтык корпусу Кыргыз Республикасына кызмат кылуу үчун келген ыктыярдуулардын алгачкы тобуна 25 жыл толгондугун белгилейт. Бул мезгил аралыгында 1100 дөн ашуун америкалык волонтерлор Кыргыз Республикасына келип кызмат кылган. 2016-жылдын 9-10-сентябрында Колумбия штатында, Вашингтондо Кыргызстандын Вашингтондогу элчиси Кадыр Токтогулов менен кайра кеткен жүздөн ашуун волонтерлор биргелешип Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигинин 25 жылдыгын майрамдоо салтанатын, Джордж Вашингтон университетинде жана Кеннеди борборунда Кыргыз республикасында иштеген ыктыярдуулардын  салтанаттуу сый тамагын уюштурушкан.

Тынчтык корпусу тууралуу: Президент Джон Ф.Кеннединин 1961-жылы 1-марттагы буйругу менен Тынчтык корпусун түзүлгөндөн бери 200 000 ден ашуун америкалыктар дуйнөнүн 140 мамлекетинде кызмат кылышкан. Азыркы учурда 7000ден ашуун волонтерлор 75 мамлекетте жергиликтүү жамааттар менен иш алып барууда. Тынчтык корпусу волонтерлорунун кызматы 27 айга созулат жана Агенттиктин миссиясы менен милдети бүт дүйнөдө тынчтыкты жана америкалыктар менен башка өлкөлөрдүн элдеринин ортосунда өз ара түшүнүучүлүк менен достукту орнотуу болуп саналат. Кошумча маалымат алуу үчүн www.peacecorps.gov сайтына кириңиздер.

Тынчтык корпусунун ыктыярдуулары 1992-жылы кол коюлган  макулдашуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чакыруусу менен келишкен. Азыр ант беришкен К-24 тобундагы 74 волонтер  Кыргыз Республикасында кызмат кылышууда. Кыргыз Республикасындагы Тынчтык корпусу тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн жогорудагы сайтка киргиле же Facebookту ачкыла.

Тынчтык Корпусунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү:

Чокморов көчөсү 304
Бишкек шаары 720000,  Кыргыз Республикасы
Тел.: (996-312) 650-989, 651-232, 650-494
Факс номери: (996-312) 650-362

Пайдалуу шилтемелер: