EducationUSA эл аралык билим берүү жарманкесин алгачкы жолу АКШ жогорку окуу жайларынын (ЖОЖ) катышуусу менен уюштурууда

14-октябрь, 2018-ж. (Бишкек) – EducationUSA ресурстук борбору Бишкек шаарында жылдык эл аралык билим берүү жарманкесин уюштурмакчы. Жарманке К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында саат 14:00 дөн 18:00 гө чейин өтөт. Бул жарманкеде АКШ ЖОЖдору, Мамлекеттик департамент тарабынан каржыланган стипендиялык жана гранттык программалар жана башка чет өлкөлүк бакалавр, аспирантура жана алмашуу программалары тууралуу кеңири маалымат тартууланат. Жарманке үчүн программалардын өкүлдөрү семинар жана презентацияларды даярдашат. Студенттер, ата-энелер жана мектеп жетекчилери АКШ ЖОЖдорунун өкүлдөрү менен таанышып, эл аралык билим берүү программалары жана чет өлкөдө окуу туурасында толугураак маалымат алууга үлгүрүшөт. Быйыл EducationUSA Борбор Азия сапарынын алкагында  алгачкы жолу сегиз АКШ ЖОЖунун өкүлдөрүн чакырууда.  Бул иш чара бардык каалоочулар үчүн ачык. Катышууга алдын ала катталуу үчүн: https://tinyurl.com/EdFairKG

EducationUSA – АКШда билим алууга кызыкдар адамдарга арналган АКШ Өкмөтүнүн расмий маалымат ресурсу. EducationUSA болочок студенттер үчүн 170 өлкөдө акысыз кеңеш кызматтарын көрсөтүп АКШ ЖОЖдоруна окууга тапшыруу жол-жобосунун ар бир тепкичи жана ар бир кадамында жардам берип келет. АКШда 4500 аккредитацияланган окуу жайы бар. EducationUSA кеңешчиси бардык каалоочуларга АКШ ЖОЖдоруна окууга тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алуу менен бирге приоритеттерди иреттештирүүдө жана билим алуу жолун пландаштырууда көмөк көрсөтөт.

EducationUSA тууралуу көбүрөөк маалымат алгыңыз келсе, Фейсбук баракчасына шилтеме: https://www.facebook.com/EducationUSAKyrgyzstan

ЖМКлардын өкүлдөрү иш чараны чагылдырууга чакырылат. Суроолор болсо 0770 700 299 номурга чалсаңыздар болот.