
АКШ мамлекеттик департаментинин чет өлкөлөрдө англис тилин окутуу боюнча программаларды колдоого багытталган атайын кеңселери бар. Бир нече башка мамлекеттик кеңселер англис тилин окутууга байланышкан алмашуу, кесипкөй адистерди даярдоо, стипендиялык программаларын каржылайт жана администрациялайт. АКШ өкмөтү 45 жылдан ашуун убакыттан бери диссертация программаларына колдоо көрсөтөт.
Англис тили боюнча борбор азиялык аймактык кеңсеси мугалимдердин конференциялары менен семинарларын уюштурат жана аларды даярдоого катышат, муктаждыктарга анализ жасайт жана адистик кеп-кеңештерди сунуштайт, мугалимдердин ассоциацияларына жана кабыл алган өлкөлөрдүн жооптуу кызматкерлерине консультация өткөрөт. Англис тили программалардын аймактык кеңсеси мамлекеттик жана менчик секторлор менен иш алып барат.
Англис тили стипендиаттары
Англис тилинин стипендианттары АКШнын башка тилдерде сүйлөгөндөргө англис тилин окутуу (TESOL) багытындагы окутуучулары. Алар дуйнө жүзүндөгү окуу жайларда 10 айлык стипендиялуу курс өтүшөт. Мисалы Англис тили стипендианттары долбооруна төмөнкүлөр кирет: окутуу, мугалимдерди окутуу, учурда иштеп жаткан жана иштеп баштай электерди окутуу, окуу программаларын иштеп чыгуу, семинарлар жана семинарларды иштеп чыгуу, жыйынтыктарды бүтүмдөө программалары, муктаждыктарды баалоо, тестирлөө жана англис тили атайын максаттар үчүн (English for Specific Purposes – ESP).Бул жылы Кыргызстандын эки университетинде англис тилинен эки жардамчы иш алып барды, бири Андреа Шеннон Ош мамлекеттик университетинде жана Ситвен Гомес Кыргыз улуттук университетинде.
Эми 2017-2018 окуу жылы үчүн англис тилинин стипендиаттарына билдирүү арыз (PDF 219 КБ) кабыл алынат. Билдирүү арыздарын кабыл алуу мөөнөтү: 2016-жылдын 5-октябрына чейин.
Англис тилинин адиси программасы
Англис тилинин адиси программасынын алкагында америкалык Англис тилин окутуучу (АТО) эксперттер Кыргыз Республикасына келип эки-үч жуманын ичинде тиешелүү темалар менен маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат, мисалы, англис тили атайын максаттар үчүн, тилди компьютердин жардамы менен окуу жана башка альтернативалуу экспертизаларды жүргүзөт. Адистер конференцияларда негизги маселелерди көтөрүп чыгышат, Англис тилин окутуу (АТО) жаатындагы кесипкөйлөрдүн кеңири чөйрөсү менен семинарларды жана консультацияларды өткөрүшөт. Биз англис тили боюнча адистерден билдирүү арыздарын жыл бою кабыл алабыз.
Англис тилинин адиси үчүн билдирүү арыздын формасын бул жерден жүктөп алсаңар болот. (PDF 224 КБ).
“Access” англис тили микро-стипендиялык программасы
“Access” англис тили микро-стипендиялык программасы экономикалык жактан абалы начар 13-20 жаштагы таланттуу жаштарды англис тили боюнча 2 жылдык базалык даярдоо курсунан өткөрөт. Программанын негизги максаты англис тилинде эркин сүйлөшүүнү үйрөтүү менен катар ар түрдүү маданиятты, жарандык карым-катышууну, маалыматтык технология жана лидерлик сапатты өстүрүү да кирет. Борбор Азиянын микро-стипендия сайттарына «ачык класс» саясатын алып баруу өзгөчө сунушталат, бул англис тилинин мугалимдеринин арасында алдыңкы тажрыйбалар, класстагы байкоолору, билимдери менен алмашууга мүмкүнчүлүк түзөт. Программасынын алкагында 2016-2018 жылдардагы окуу жылында окутуу боюнча билдирүү арыздары кабыл алынат. Нускамаларды, түшүндүрмөнү, жана бюждеттик сунуштардын формаларын алуу үчун бул дарекке жазсаңыз болот: USKGCulturalAffairs@state.gov. Мөөнөтү: 2016-жылдын 15-майы.
E-мугалим стипендиялык программасы
E-мугалим стипендиялык программасы Кошмо Штаттан тышкары жашаган кесипкөй англис тилин окутуучуларга Мэриленд штатындагы Балтимор округунун Университетинин жана Орегон штатынын университетинин бүтүрүүчү класстарынын жети инновациялык, онлайн сабактарына катышууга мумкүнчүлүк түзөт. Бул курстарда Англис тилин чет тил катары окутуунун (АТЧТКО) академиялык адистигинин негизги багыттарын өтүшөт.
https://americanenglish.state.gov/
Америкалык англис тили боюнча вебинарлар
Вебинарлар англис тилинде ар кыл темада өтүүчү 60 минуттук веб семинар болуп саналат, ал АКШ адистери окутуу методикасы, тил үйрөнүү ыкмалары багытында даярдаган ар кыл темадагы окуулар болуп эсептелет. Вебинарда көрмө презентациялар, видеолор менен талкуулар болот жана курстар 6 вебинардан турган топторго бөлүнүп, ар шаршемби сайын өтүп турат. Алты Вебинардын кеминде төртөөнө катышкандар электрондук күбөлүк алышат дагы интернет форум жана Ning (Нинг) расмий сайты аркылуу бүт дүйнөнүн мугалимдери менен кызматташууга мүмкүнчүлүк алышат.