- Эл аралык лидерлик программа (IVLP) – катышуучуларды даярдыктан өткөрүү багытында жыл сайын ар кайсы өлкөлөрдөн адистерди окутуп, кесиптеш коллегалары менен жолугушууларды, талкууларды уюштурат жана квалификациялуу сынактан өткөрөт. Саясат, массалык маалымат каражаттары, билим берүү, башкаруу тармагында иштеген потенциалдуу лидерлер чет өлкөлөрдөгү америкалык жооптуу кызматкерлер тарабынан тандалат.
- Эл аралык “Ачык дүйнө” программасы – Россия менен Евразия өлкөлөрүнөн келген жаңы лидерлерди Американын демократиясы, жарандык коомунун иштери менен кеңири тааныштырат. Бул программа АКШ бийлигинин мыйзам чыгаруучу тармагындагы тажрыйба алмашуу жүргүзгөн бирден бир жана алгачкы программа.
- “Коомчулуктун чечимдери” программасы (PDF 932 КБ) – дүйнө жүзү боюнча ачык-айкындык жана подотчеттуулук, толеранттуулук жана конфликттерди чечүү, табигый чөйрө, аялдар жана гендер багыттарында иштеген демилгелүү лидерлерди кесиптик деңгээлин жогорулатуучу курс өтүүгө АКШга чакырат. Алар АКШдагы өз кесиптештери менен жолугушуп, тажрыйба алмашуу менен бирге жарандык коомдун көп жылдык өнүгүү тажрыйбасын үйрөнүшөт жана бай тажрыйбаларын, таасирлерин өз өлкөлөрүндө жүзөгө ашыруу максатында алып келишет. Бул программанын алкагында, лидерлер коомдук иш боюнча практикалык тажрыйба алышат, лидерликтин онлайн институтунун эң ийгиликтүү тажрыйбалары менен таанышып, алар менен алака түзүшөт жана өз мамлекетинде жүргүзө турган коомчулукка багытталган иш планын түзүшөт.