Хьюберт Хамфри программасы ортоңку топтогу даяр адистерди Кошмо Штаттарга алып келип, бир жыл аралыгында академиялык жана кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү багытында даярдыктан өткөрөт. Бул программанын алкагында академиялык даража ыйгарылбайт. Келечектеги лидерлер менен саясатчыларга АКШ коомунун маданиятын жана кесиптик тармактагы иш тажрыйбалары тааныштыруу менен программа америкалык жана чет элдик кесиптештердин ортосунда бекем жана өндүрүмдүү байланыштардын негизин камсыздайт.
Стипендиялардын берилиши: Стипендиялар конкурстук негизде мамлекеттик жана менчик сектордо иштеген талапкерлерге берилет:
Стипендиялар берилүүчү тармактар:
- Айыл чарбасы менен айылды өнүктүрүү
- Коммуникация/журналистика
- Бангизаттар тууралуу билим берүү, дарылоо жана алдын алуу
- Экономикалык өнүгүү / финансы жана банк иштери
- Жогорку билим жана администрациялоо
- Билим берүүнү башкаруу жана саясат
- АИВ/ЖИКС (АИВ инфекциясы/ Жуктурулган иммуну кем синдрому – ЖИКС) жаатындагы саясат жана алдын алуу
- Адам ресурстарын башкаруу
- Мыйзам жана адам укугу
- Табигый ресурстар / экологиялык саясат / климаттын өзгөрүшү
- Коомдук саламаттыкты сактоо жана башкаруу саясаты
- Элдик саясатты жана мамлекеттик башкарууну анализдөө
- Англис тилин чет тили катары окутуу (мугалим – тренинг / окууу программаларын иштеп чыгуу)
- Техникалык саясат жана башкаруу
- Адамдарды сатууга каршы саясат жана аны алдын алуу
- Шаардык жана аймактык пландаштыруу
Кабыл алуунун талаптары:
- Кыргыз Республикасынын жараны болууга, жана документтерин тапшыруу учурунда Кыргызстанда жашоого тийиш
- Жогорку билими тууралуу диплому болушу зарыл
- Эң аз дегенде беш жылдык кесиптик тажрыйбасы болушу зарыл
- Айкындалган лидерлик сапаттарына ээ болуусу жана мамлекеттик же коомдук ишмерликке кызыгуусу зарыл
- Англис тилинде суйлөө жана жазуусу тийиш
- Кыргызстанга кайтып келүүгө тийиш
Төмөндөгү шарттагы адамдардын анкеталары каралбайт:
- Программаны башталыш убагына беш жылдан аз иш тажрыйбасы болсо;
- ЖОЖду жакында эле бүтүрсө;
- Университеттин башкаруучулук же саясий милдеттери жок окутуучулары (англис тилин мугалимдер менен баңгичиликти алдын алуу жана дарылоо боюнча адистерден тышкары);
- Программаны башталыш убагына карата акыркы жети жыл ичинде АКШда аспирантурада бир же андан көп окуу жылын өткөргөн адамдарга;
- Жакынкы мезгилде АКШда тажрыйба алып жүргөн адамдарга (программаны башталыш убагына карата акыркы беш жылда алты айдан ашык мөөнөттө);
- АКШнын кош жарандыгын алып жүргөн же АКШныны туруктуу жашоочусу болгон адамдарга.
Конкурска катышуу үчүн анкета жана коштоочу иш кагаздарды төмөнкү шилтемени колдонуп онлайн түрүндө тапшыруу зарыл. Ушул эле шилтемеде онлайн анкетаны толтуруу жол-жобосун дагы жүктөп алсаңыз болот. Анкетаны толтурганга чейин инструкцияны кылдаттык менен окуп чыгуу зарыл.
Онлайн анкета тапшыруу шилтемеси: https://apply.iie.org/huberthhumphrey
АНКЕТА КАБЫЛ АЛУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ ЖАНА БАШКА ТАГЫРААК МААЛЫМАТТЫ САЙТЫБЫЗДЫН АНЛИС ТИЛИНДЕГИ БАРАКЧАСЫНАН ТАБАСЫЗ
Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин тапшырылган анкеталар каралбайт.
Программа тууралуу кошумча маалыматты программанын сайтынан жана АКШнын Бишкектеги элчилигинин Коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн сурап биле аласыздар:
Хамфри программасынын сайты: http://humphreyfellowship.org
АКШнын Бишкектеги элчилигинин Коомчулук менен байланыш бөлүмү:
+996 312 597 000; e-mail ExchangeBishkek@fan.gov.