АКШ Өкмөтү билим берүү, илимий тармактагы адистерди алмашуу боюнча ар түрдүү программаларды каржылайт. Бул программалар маалыматтар, идеялар менен эркин алмашууга жана ошону менен катар Кошмо Штаттар менен Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүктү тереңдетүүгө түрткү болот.
- Фулбрайт стипендиялуу программасы (PHD деңгээлинде) – ага изилдөөчүлөр үчүн стипендиялуу Фулбрайт программасы кыргыз окумуштууларына адистик билимдерин дагы тереңдетүү багытында Кошмо Штаттарга барып, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө же жогорку окуу жайларында сабак берүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Штаттарга барууга талапкердин “илимдин кандидаты” же “доктору” деген илимий даражасы (минималдуу талап) болушу, далилдүү илимий-изилдөөчүлүк эмгектери жана басылып чыккан эмгектери болушу, англис тилин жакшы билиши зарыл.
- Фулбрайт чет элдик студенттер үчүн программасы – студенттер үчүн Фулбрайт программасы Кыргызстандагы искусство, техника, табигый илимдер, гуманитардык социалдык илимдер жаатында билим алып жаткан студенттерге багытталган. Программада АКШнын университеттеринде 2 академиялык жылга чейинки мөөнөттө магистрдик даражага окуп, изилдөөлөрдү жүргүзүп келүү мүмкүнчүлүгүн берет.
- Чет тилдеринен сабак берүүчү окутуучулар учун Фулбрайт программасы (FLTA) – FLTA программасы учурда англис тили боюнча окутуучулар менен келечекте англис тили боюнча мугалимдик кесипте окуп, жогорку окуу жайынын акыркы курсунда окуп жаткан студенттерге багытталган. Бул программа кыргызстандык англис тили боюнча окутуучулар (же англис тили боюнча мугалимдикке окуп жаткан студенттер) АКШнын кампустарында жумасына 20 саатка чейин, семестрде эки курс кыргыз тилин окутуу менен окутуучулук тажрыйбасын байытышат.
- Хьюберт Хамфринин стипендиялуу программасы – адистерге Кошмо Штаттарда он ай окуп, кесиптик адистигин жогорулатууга (окумуштуулук даража берилбестен) мүмкүнчүлүк түзөт. Хамфри программасынын талапкерлигине мамлекеттик жана менчик секторлордо кызмат кылган, жетекчилик потенциалы күчтүү, коомдук иштерге демилгелүү катышкан кесипкөй адистер тандалат.
- Мектептердин окуучуларынын келечектеги лидерлери үчүн алмашуу программасы (FLEX) – АКШ өкмөтү тарабынан каржыланган мурдагы Советтер Союзунун 11 республикасынын орто мектептеринин окуучулары арасынан келечектеги лидерлерди даярдоо үчүн алмашуу программасы. Программа окуучулар АКШга барып, аларды кабыл алган америкалык үй-бүлөдө жашап, андагы орто мектепте толук окуу жылын окушу үчүн атайын стипендия алуусун каржылайт.
- Студенттерди алмашуу боюнча глобалдуу программа (Global UGRAD) – АКШ Мамдепартаментинин алдындагы билим берүү жана маданият боюнча Бюросунун программасы Армениянын, Азербайжандын, Белоруссиянын, Грузиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Россия Федерациясынын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Украинанын жана Өзбекстандын студенттеринин АКШда биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү, бешинчи курстун студенттери үчүн бир семестрди күндүзгү билим алуу формасында, илимий даража бербестен окууга мүмкүнчүлүк берет.
- Музыканттарды алмашуу OneBeat℠ программасы – OneBeat программасынын алкагында кесипкөй музыканттар бир айлык мөөнөттө АКШга барып жашап, экскурсияларда, жолугушууларда болушат. Бул программанын алкагында алар эки тараптан биргелешип чакан ансамблдерди түзүшүп, ар кыл жанрдагы музыкалык чыгармаларды ойношот, салттуу, классикалык музыкаларды ойноого, өздөрүнүн чыгармачылык мелодияларын чыгарууга, чыгармаларын заманбап талаптагы OneBeat мобилдүү студияларда жаздырууга жана спектаклдерди даярдоого мүмкүнчүлүк алышат. Бул топтор андан соң АКШнын шаарларын кыдырып өздөрү даярдаган музыкалык чыгармаларын аткарышат, жергиликтүү музыканттар менен таанышып, бирге чыгышат, жергиликтүү жаштар менен чыгармачылык мастер класстарды өткөрүү багытында коомдук уюмдар менен кызматташтык байланыш түзүшөт. Программанын акырында OneBeat мобилдик студияда жазылган жогорку профессионалдуу деңгээлдеги тректерин жаздырып, жыйынтыктоочу концертин коюшат.