АКШ Элчилеринин маданий мурастарды сактоо Фонду (ЭММС)

АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги АКШ элчилеринин маданий мурастарды сактоо фонду аркылуу маданий мурастарды сактоого багытталган долбоордук сунуштарды кабыл алуу башталганын жарыялайт.

ЭММСФнун гранттык программасы археологиялык жайларды, тарыхый имараттарды жана эстеликтерди, музейдин коллекцияларын жана жок болуу коркунучу алдында турган тилдер жана өнөрлөр сыяктуу маданияттын салтуу көрүнүштөрүн колдойт. Тийиштүү иш – чараларга төмөнкүлөр кирет:

а) Өз калыбына келтирүү;

б) Консервация (бузулган объектти жана археологиялык жайды);

в) Консолидация (объекттин жана археологиялык жайдын элементтерин бириктирүү жана кайра кошуу);

г) Документация;

д) Инвентаризация (объекттер, жайлар жана салттар турган ордуна, өзгөчөлүктөрүнө, жашына же башка бириктирген мүнөздөмөлөрүнө жана абалына жараша көрсөтүү);

e) Профилактикалык консервация.

2021 жылы ЭММСФ граннтык программасы төмөнкүлөрдүн бирин ишке ашырган долбоорлого артыкча баа берет: 

a)    Кырсыктарга кабыл болуучу жайларда маданий мурастардын кырсыктарга дуушар болуу коркунучун азайтууга көмөк көрсөтүү же табият кырсыктарындан кийин маданий мурастарын кайрадан өз калыбына келтирүү;

б)   Жаңжалды токтотууга жана коомчулуктарга келишпестиктен чыккан тоскоолдорду жеңүүгө жардам берүү.

АКЫРКЫ ТАПШЫРУУЧУ МӨӨНӨТ:  13 ноябрь 2020

АКШ элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн маалыматты алсаңыздар болот: zhaparovaak@america.gov

ЭММСФ коммерциялык эмес уюмдардын, музейлердин, билим институттардын, маданият министрликтердин же ушул сыяктуу институттардын же уюмдардын, АКШда жайгашкан билим институттардын жана уюмдардын  долбоордук сунуштарын карайт.

ЭММСФ жеке адамдардын, коммерциялык уюмдардын же мурдагы  гранттарынын милдеттерин же отчеттук талаптарын аткарбаган мурдагы грант алуучулардын долбоорлорун карабайт.

Бүткүл докуменнтер англис тилинде кабыл алынат.

ЭММСФ ТӨМӨНКҮ ИШ-ЧАРАЛАРДЫ ЖАНА ЧЫГЫМДАРДЫ КАРАБАЙТ ЖАНА ФОНД ТӨМӨНКҮ ИШ– ЧАРАЛАРДЫН ЖЕ ЧЫГЫМДАРДЫН БИРИН КАМТЫГАН ДОЛБООР СУНУШТАМАЛАРДЫ ТАЛАПТАРГА ТУУРА КЕЛБЕГЕН ДЕП ЭСЕПТЕЙТ

  1. Жеке же коммерциялык менчикте болгон маданий объектилерди, коллекцияларды же кыймылсыз мүлктү, жеке менчиктен коомдук менчикке план боюнча өтүп жаткан же өтүү мезгилинде жана долбоорду тапшыруу мезгилинде бул иш аягына жете элек болгондорду сактоону же сатып алууну.
  2. Табигый байлыктарды (физикалык, биологиялык, геологиялык түзүлүштөрдү, палеонтологиялык коллекцияларды, жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн жашаган жерлерин, таштайлыктарды ж.б.). Бул программа маданий мурастарды сактоого гана арналган;
  3. Адамдын сөөгүнүн калдыктарын сактоону;
  4. Массалык маалымат каражаттарын сактоону (гезиттерди, кинохроникаларды, радио жана ТВ программаларды );
  5. Басылып чыккан материалдарды сактоону (китептертер, гезиттер жана журналдар жана );
  6. Сабактар үчүн окуу программаларын же окуу материалдарын өнүктүрүүнү;
  7. Изилдөө максатындагы изилдөөчү археологиялык казууларды же сурамжылоолорду;
  8. Тарыхый илимий изилдөөлөрдү, эгер мындай изилдөөлөр сунушталган долбоордун жүйөлүү жана ажырагыс бөлүгү болсо бул талаптын эсебине кирбейт;
  9. Жаңы же иштеп жаткан музейлер үчүн жаңы көргөзмөлөрдү, объектилерди же коллекцияларды алууну же жаратууну;
  10. Жаңы имараттарды жана кошумча имараттарды курууну же сыртынан жаап каптоону (мисалы: археологиялык ажайып жайлардын жеринде);
  11. Эскерүү иш-чараларды жана экономикалык өнүгүүгө арналган маданияттын жана архитектуранын жаңы буюмдары үчүн комиссиялык жыйымын төлөөнү.
  12. Жаңы же азыркы мезгилдеги бийлердин заманбап адаптацияланган жоромолун, ырларды, ырдоолорду, музыкалык композицияларды, оюндарды же башка аткарууларын жаратууну;
  13. Маданий объектилердин же ажайып жайлардын көчүрмөсүн же божомолдуу реконструкциясын жаратууну;
  14. Маданий ажайып жайлардын бир жерден экинчи жерге көчүрүүнү;
  15. Ар кандай себептер аркылуу өлкөдөн маданий объектилерди же маданий ажайып жайлардын элементтерин чыгарып кетүүнү;
  16. Маданий объектилерди же коллекцияларды санариптик маалымат ташуучуларга которууну, эгер бул процесс так аныкталган сактоо,документтештирүү же коомдук дипломатия аракеттери менен чоң долбоордун бир бөлүгү болсо бул талаптын эсебине кирбейт;
  17. Пландарды же башка изилдөөлөрдү сактоону, эгер алар изилдөөнүн натыйжасын ишке ашыруу үчүн чоң долбоордун бир бөлүгүн түзсө бул талаптын эсебине кирбейт.
  18. Акча резервдери, салымы жана кайра ачылган фонддорду (фонддор гранттын мөөнөтүндө (5 жылга чейин) өздөштүрүлүшү керек жана салым же кайрадан ачыла турган фонддорду жаратууга пайдаланылбашы керек);
  19. Каражат жыйноочу кампанияларды каржылоону;
  20. Күтүлбөгөн жагдайлар, күтүлбөгөн жана ар кандай сарптоолор жана төгүмдөрдү;
  21. Грант жарыяланганга чейинки иштердин чыгымдарын, бирок гранттын координатору бекиткен гранттардан башка;
  22. Эл аралык унаа чыгымдарын, эгер негизделген жол жүрүү же сунушталган долбоордун ийгилигинин маанилүү бөлүгү болсо бул талаптын эсебине кирбейт; Проектин лидерлерине маданиям мурастардын эксперттери менен билим алуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн берүү.
  23. $10,000ден аз же $500,000ден көп турган жеке долбоорлорду;
  24. Башка өлкөлөрдөгү АКШнын көз карандысыз долбоорлорун.

Фонд 2001 –жылы башка  өлкөлөргө маданий мурастарын сактоону колдоо жана АКШнын башка маданияттарга урматын көрсөтүү үчүн негизделген. АКШ элчилеринин фонду  бүткүл дүйнөдөгү 700дөн ашуун долбоорго 33 млн $ өлчөмүндө колдоо көрсөттү. Каржыланган долбоорлорго тарыхый имараттарды реставрациялоого техникалык көмөк, музей жыйындарын баалоо жана сактоо, археологиялык барчалырды сактоо, жоголуу коркунучунда турган салттуу өнөрлөрдү сактап калуу ниетинде документтештирүү, архивдер менен кол жазмаларды сактоо шарттарын жакшыртуу, оозеки чыгармачылыктын чыгармаларын жазып алуу жана жоголуу коркунучунда турган тилдерди документтештирүү иштери кирген.