АКШнын Өкмөтү элчиликтердеги коомчулук менен байланыш бөлүмү аркылуу бир катар маданий программаларды жүзөгө ашырат, алардын ичинде элчилердин джазы, америкалык маданият ишмерлеринин көргөзмөлөрүн уюштуруу программалары жана Элчинин маданий мурастарды сактоо боюнча фонддору иштейт.
Бул программалардын катышуучулары америкалык кесипкөй сүрөтчүлөр, музыканттар жана башка искусство чеберлери. Америкалык искусство менен маданият чеберлеринин жетишкендиктерин чагылдырган көргөзмөлөрдү уюштуруу программасы Кошмо Штаттар менен башка өлкөлөрдүн элдеринин өз ара түшүнүүчүлүгүн тереңдетүүгө өбөлгө болот.
АКШнын Өкмөтү Элчинин маданий мурастарды сактоо Фонду аркылуу бүт дүйнөдөгү өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө тарыхый жерлерди, кол жазмаларды, музей коллекцияларын жана улуттук тилдерди, музыканы, бийлерди сактап калууга колдоо көрсөтөт.
Андан сырткары, коомчулук менен байланыш бөлүмү жергиликтүү жана америкалык музыканттар менен сүрөтчүлөрдүн аткаруучулук искусствосун жана сүрөттөр көргөзмөлөрүн уюштуруу иштерин алып барат, бул иш-чаралар Американын маданияты менен искусствосунун ар кыл тараптарын кыргыздарга тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзөт.