
Америка борборлор – бул маалыматтык ресурстук мекемелер, алар Америка Кошмо Штаттары тууралуу толук жана актуалдуу маалымат менен камсыз кылып, Америка жана кыргыз элинин ортосундагы мамилени тереңдетүүнү көздөйт. Америка борборлору АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен жергиликтүү мекемелердин ортосундагы өнөктөштүк болуп саналат.
Америка борборлору кесипкөй өнүгүү, лидерлик жана англис тилин үйрөнүү сыяктуу темалар боюнча баарлашуу клубдарын, кино көрсөтүүлөрдү, семинарларды жана воркшопторду өткөрүшөт. Фулбрайт адистер, АКШ мамлекет тарабынан колдогон программаларынын бүтүрүүчүлөрү, англис тил боюнча адистер жана Тынчтык Корпусунун волонтерлору Америка борборлорунда дайыма программаларды өткөрүшөт.
Учурда Кыргыз Республикасында 8 Америка борборлору бар: Бишкекте, Жалал-Абадда, Баткенде, Ошто, Таласта, Кантта, Караколдо жана Нарында. Сиздер Америка Кошмо Штаттары жөнүндө билгинер келсе, төмөнкү даректерге кайрыласанар болот:

Илимий билим берүү лаборатория - Мейкер Спейс Бишкек
Мейкер Спейс – бул илим, технология, инженерия, искусство жана математика (STEAM) менен байланышкан идеяларды түзүү, изилдөө жана бөлүшүү аркылуу үйрөнүү мүмкүнчүлүгү берилген кызматташтык мейкиндиги. Мейкер Спейс эн биринчи жолу 2005-жылы АКШнын Калифорния штатында негизделген.
Бишкектеги Америка борборундагы Мейкер Спейс окурмандарга 3D басып чыгаруу, робототехника, электроника, илимий эксперименттер жана гаджеттер боюнча практикалык жөндөмдөрдү алуу үчүн аянтча сунуштайт. Бул жакта программалоо, гаджеттерди кол менен чогултуу, робототехника жана башка STEAM багыттары боюнча үзгүлтүксүз негизде семинарлар жана тренингдер өткөрүлөт.

Инклюзивдүү билим берүү борбору - «Камкор»
«Камкор» – мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн атайын шарттары жана жабдуулары бар Кыргызстандагы биринчи борбор. Бул Кыргыз Республикасындагы бардык жарандар АКШ элчилигинин программаларына тен катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. «Камкордо» бардык окурмандар үчүн ар түрдүү программалар өткөрүлөт. Анын ичинде англис тили сабактары, маданий иш-чаралар жана келечекте киреше алып келүүчү код жазуу жана башка кесиптер боюнча семинарлар өткөрүлөт.