Америка борборлору

“Америка борборлору” программасы 2003 жылы Кыргызстанда биринчи жолу ачылган, Бишкектеги Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги жана жергиликтүү мекемелердин өнөктөш болуу багытында ишин баштаган. “Америка борбор” чакан ресурстук борбор катары саналып, Америкалык китепкана стилинде жасалгаланып, АКШ тууралуу соңку жана ишенимдүү маалымат аркылуу, Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын элдеринин ортосунда өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү максатында түзүлгөн.

Бишкектеги “Америка Борбору” маалыматтык ресурстук борбор, “Америка борборлору” программасынын эң алдынкы үлгү болуп саналат. Борбор өлкөбүздө эң ийгиликтүү элдик дипломатиялык платформа, ал 80,000ден ашык адамдарды жыл сайын тейлейт. Америка Борбору үзгүлтүксүз программаларды өткөрөт (сүйлөөшүү клубтары, кино көрсөтүүлөр жана башкалар), маданий программалар (аткаруулар, китеп презентациялар, мастер-класстар, ж.б.) жана АКШ Фулбрайт студенттеринин жана Тынчтык Корпустун волонтерлорунун программалары. Азыркы күндө Кыргызстанда 7 Америка борборлор иштейт, Бишкек, Жалал-Абад, Ош, Талас, Кант, Каракол жана Нарын шаарларынын жарандарын тейлешет. Ар бир борбор интернетке кошулган компьютерлер, аудио жана видео жыйындылар, принтер жана спутник телевидениеси менен жабдылган. Борборлордун китепканалары маалымдама материалдарын, китептерди, англис тили боюнча ресурстарды, CDлер, видеокассеталарды жана DVDдисктерди өзүнө камтыйт. Америка борборлору Америка Кошмо Штаттары жөнүндө маалымат алгысы келген ар бир жараанга ар дайым ачык.

Байланышуу маалыматы:

Америка маалымат-ресурс борбору “Америка Борбору”
К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы
Огонбаев көчөсү 242, Бишкек
Тел: +996 (312) 66-12-10

Кант шаарында жайгашкан Америка борбору
Чүй облустук китепканасы
Маликов көчөсү 5, Кант
Тел: +996 (3132) 5-08-52, 5-09-22

Каракол шаарында жайгашкан Америка борбору
Ысык-көл облустук китепканасы
Койонкөзөв көчөсү 35, Каракол
Тел: +996 (3922) 5-15-96, 2-07-61

Талас шаарында жайгашкан Америка борбору
Талас Мамлекеттик университети
Гуманитардык факультети, Талас; Ч. Айтматов көчөсү 192
Тел: +996 (3422) 5-20-68, 5-20-69

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Америка борбору
Жалал-Абад мамлекеттик университети
Ленин көчөсү 57, Жалал -Абад
Тел: +996 (3722) 2-18-63

Ош шаарында жайгашкан Америка борбору
Ош облустук китепканасы
Курманжан датка көчөсү 271, Ош
Тел: +996 (3132) 5-60-15

Нарын шаарында жайгашкан Америка борбору
Нарын областук китепканасы
Ленин көчөсү 33, Нарын
Тел: +996 (3522) 5 18-83