Бишкекте 4-5-апрелде, АКШнын банги заттар менен күрөшүү агенттигинин (DEA) эксперттери синтетикалык банги заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүн азайтыш үчүн жана сатуу таратуу менен алектенген кылмышкерлерге, тергөө амалдарын жүргүзүү тууралу өз тажрыйбасы жөнүндө айтып беришти.
«Спайс» деген ат менен белгилүү болгон синтетикалык банги заттар, дүйнө жүзү боюнча өсүп жаткан көрүнүш болуп саналат. Синтетикалык банги заттардын колдонуу таасири классикалык оор банги заттар сыяктуу белгилер менен коштолот.
Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтү кошумча 85 жаңы психотроптук заттар «спайстар» менен күрөшүү багытында көзөмөлдөө иш-чараларын аткарган, бирок күн сайын жаңы психоактивдуу заттардын саны өсүп жатат, өндүрүүчүлөр жаңы химиялык түзүлүштөрүн түзүү менен мыйзамды айланып жаңы жолдорун табып жатат.
Тергөөчүлөр, прокуратура кызматкерлери, дарыгерлер жана Банги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын лаборатория адистери, Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын соттук экспертиза мамлекеттик борборунун өкүлдөрү өздөрүнүн кесиптик тажрыйбалары менен бөлүшүп, талкууга орчундуу салымын кошуп келет. Бул адистер жаңы заттардын пайда болушун аныктоодо, укукбузуучуларды изилдөөдө жана медициналык эмес максаттар үчүн банги заттарды колдонгогон жарандарды дарылоо боюнча маанилүү ролду ойнойт.
Бул иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Банги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУБКБ) тарабынан уюштурулган.
Кошумча маалымат алуу учун
БУУБКБнын коомчулук менен байланышуу адиси
Мээрим Таабалдиевага
+ 996 312 321732телефону
жана meerimt@me.com электрондук дареги аркылуу кайрылыныздар.