Dostuk Music Fest: Америкалык «Henhouse Prowlers» музыкалык тобунун катышуусу менен концерттер жана мастер-класстар

2016-жылдын 28-ноябры

2016-жыл, 28-ноябрь – 4-декабрь (Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы) – Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги жана АКШ мамлекеттик департаментинин  билим жана маданият программаларынын бюросу «Henhouse Prowlers» америкалык блюграсс тобунун бир жумалык турун колдойт. Бул «Dostuk Music Fest» аттуу тур  Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилердин 25-жылдыгына арналган.

«Henhouse Prowlers» тобу жана жергиликтүү элдик тобу «Ордо Сахна» Бишкекте жана Токмокто концерт беришет. Эки топтун музыкасы тоо маданиятын даңазалайт жана Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарыны 25 жыл бою бирге кооз музыканы жаратып келкенин мисалы болуп эсептелет.

Топ Кыргыз-Орус Славян университетинде, Бишкек гуманитардык университетинде жана ошондой эле Токмок шаарындагы Орто-Азиядагы Эл-аралык университетинде студенттер үчүн концерт беришет.  Бишкектин жашоочулары «Henhouse Prowlers» тобунун «Bishkek Park» соода борборунда жана Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын  сахнасында боло турган концерттерге чакырылат.

Музыканттар Бишкек шаарынын «Келечек» жаңы конушусунда концерт берет. Ушул жаңы конуштун жашоочулары Америка маданиятынын ажырагыс бөлүгү болгон жандуу блюграсс музыкасын угуп, аны менен тааныша алышат.

«Henhouse Prowlers» тобу Америка музыкалык борбордогу жана П.Ф. Шубин атындагы балдар музыка мектебиндеги жаш музыканттар үчүн мастер-класс берип,окуучулардын музыкалык жөндөмдөрүнүн өнүгүшүнө жардам берет.

Чикаголук «Henhouse Prowlers» тобу 11 жылдык чыгармачылыгында блюграсс музыкасынын тамырларынан таасир алып, ошол эле мезгилде өз уникалдуу үнү бар, тынымсыз гастролдо жүрүп бир топ аброй топтогон.  Чебердик менен аткарылган күүлөрдөн баштап, сентименталдык балладаларга чейин, өздөрү чыгарган чыгармаларды, салттуу ырларды жана жаңыча чечмеленген музыкаларды жараткан «Henhouse Prowlers» эч кимди кайдыгер калтырбайт.

Концерттердин баары акысыз. Кызыккан жалпыга маалымдоо каражаттарынын  өкүлдөрү АКШ элчилигинин басма-сөз кызматына кайрылуу зарыл: телефондор 0312 59000, 0770 770299, 0770 701109, же BishkekPAS@state.gov электрондук даарек аркылуу.

Тобунун расмий сайты: http://henhouseprowlers.com; коомдук тармактардагы барактары: Facebook: henhouseprowlers, Instagram: henhouseprowlers, Twitter: @hhp

Төмөндө иш чаралардын тартиби көрсөтүлгөн:

28-ноябрь,16:00 – Кыргыз-Россиялык Славян университетинде  концерт, (Киев көч., 44, башкы имарат) ,

29-ноябрь, 17:00 – Орто –Азиядагы Эл- аралык университетте  концерт,(Шамсинская көч., 2, Токмок шаары)

30-ноябрь,12:00 – Америкалык музыкалык борбордо мастер-класс,(Панфилов көч., 162)

30-ноябрь, 18:00 – «Bishkek Park» соода борборунда концерт,(Киев көч., 148)

1-декабрь, 11:00 – П.Ф. Шубин атындагы Балдар үчүн музыкалык мектептеги мастер– класстар, (Москва көч., 101)

1-декабрь, 18:00 – Бишкек гуманитардык университетте концерт,(Проспект Мира 27)

3-декабрь, 18:00 – Малдыбаев атындагы опера жана балет  театрында концерт, (Ю. Абдрахманова көч.,167)