29-май (Бишкек) – 29-майда, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун (CDC) директору, медицина илиминин доктору Роберт Р. Редфилд CDCнин Борбор Азиядагы иши жана өнөктөштүгү, анын ичинде адамдын иммундук жетишсиздиктин вирусу жана кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому (ВИЧ/СПИД) менен күрөшүү боюнча АКШ президентинин өзгөчө демилгесинин (PEPFAR) иш-аракеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу максатында Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. “CDC Кыргызстанда көп жылдан бери иштегенин жакшы билебиз. Ошондон бери эпидемиологдорду окутуу, ВИЧ/СПИДди азайтуу, клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу жана грипп оорусун алдын алуу боюнча CDC кошкон салымы чоң. Мындан ары кызматташууга жана эл аралык тажрыйбаларды кабыл алып, жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырууга даярбыз”, – деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев доктор Редфилд менен жолугушууда. Доктор Редфилд Саламаттык сактоо министрлигине, Республикалык СПИД борборуна, Республикалык наркология борборуна жана Бишкек шаарынын СПИД борборуна барды.
CDC 1995-жылдан бери Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо тармагындагы иш-аракеттерин колдоп, ВИЧ/СПИДге жана башка жугуштуу ооруларга каршы күрөшүүгө багытталган бир катар маанилүү демилгелер боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз байланышта иштейт. Ошондой эле, CDC Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугуна терс таасирин тийгизе турган ооруларын изилдөө жана тез тарап кеткенине каршы чара көрүү дараметин күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге иш алып барат. CDCнин Кыргыз Республикасындагы иш-аракеттеринин баары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдулугу, колдоосу жана аны менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылат.
Директор Редфилддин сапары Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө жана кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган АКШ расмий бир катар иш сапарларынын уландысы.