АКШ Каракол шаарында туризимди өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүшөт

Каракол – 31-мартта «Каракол Дестинациясы», жакында уюшулган туристтик жерди өнүктүрүү боюнча уюм (ТЖӨУ) Каракол шаарын жагымдуу жана бардык сезондуу туристтик дестинация катары өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча пландарын сунуштады. Бул демилге «Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID Демилгеси» (BGI) Долбоорунун алкагында Америка Кошмо Штаттарынын колдоосу менен мүмкүн болду.

«Каракол Дестинациясы» уюму, жыл бою көрсөтүүлүүчү туристтик кызматтарды  өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында туризмди өнүктүрүү үчүн Каракол шаарынын  бүткүл жамаатын бириктирүүдө жакшы ыкма  болуп саналат”, – белгилеп кетти Ысык-Көл облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев өз сөзүндө. «Мен «Каракол Дестинациясы» ТЖӨУдун биринчи катталган мүчөсү болоорумду билдиргим келет».

Бул иш-чарада 60 ашык мейманкана, конок үй, ресторандардын  ээлери, Каракол шаарынын туроператорлордун жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү Фондунун жана «Кумтөр Голд Компани» корпорациясынын өкүлдөрү катышышты. Бет-ачар иш-чаранын максаты – Каракол шаарында туристтик коомчулуктан ТЖӨУга жаңы мүчөлөрдү тартуу.

Жолугушуунун уюштуруучулары “Каракол Дестинациясы” ТЖӨУ тууралуу сунуш кылынган туристтик продуктылардын ассортиментин кеңейтүү жана жакшыртуу боюнча өздөрүнүн пландарын айтып беришти, жана, ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте ишке ашырылуучу Каракол дарыясын бойлото аймакты өнүктүрүү жана абат кылуу боюнча долбоорду сунуштап беришти. Жаңы парк зонасы дарыя зонаны бойлото уюштурулган маданий-массалык фестивалдарды жана иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн жакшы аянтча болот. Бул  жыл бою шаарга келген туристтерди жана меймандарды тартып турат. Долбоор Каракол шаарынын экономикалык абалын жакшыртууга өбөлгө түзөт, аны өнүктүрүүгө жана жаңы жумушчу орундарын түзүүгө көмөк көрсөтөт.

BGI долбоордун эксперттери улуттук парк Роки-Маунтиндин кире беришинде жайгашкан Колорадо штатындагы Эстес Парк америкалык шаарынын ийгиликтүү өнүгүшүнүн  мисалында Каракол шаарында туризмди өнүктүрүү боюнча идея-ойлорун сунуштап беришти. Каракол жана Эстес Парк географиялык жактан окшош, туризмди өнүктүрүү үчүн көп окшош артыкчылыктарга ээ болушат. Эстес Парк башында башка ажайып жайларга кире турган жер гана болуп кызмат кылып, бара-бара өз туристтик ресурстары бар өнүккөн  жерге айланды жана Каракол шаарын өнүктүрүү үчүн  идеалдуу  модель болуп саналат.

Бет-ачар бүткөндөн кийин беш негизги уюштуруучулардан тышкары 25 жаңы мүчө «Каракол Дестинациясына» кошулду. Негизги уюштуруучул өткөн жайда конкурстук өтүнмөнү беришип, эл аралык өнүгүү боюнча АКШ Агенттигинин (USAID) колдоосу менен уюм түзүшкөн.

«Бүгүн биз чоң ишке жакшы жол салдык», – деди ТЖӨУдун аткаруучу директору Рахат Джамалова. «Эми биз идеяларыбызды жана демилгелерибизди конкреттүү иш-аракеттерге ашырышыбыз керек».

Туристтик жерди өнүктүрүү боюнча Программа  Кыргыз Республикасында экономиканын ар түрдүү секторлорун бекемдөө боюнча  USAID ишинин бир бөлүгү болуп саналат, анын ичинде туризм, текстиль-тигүү тармагы жана курулуш материалдары. «Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID Демилгеси» (BGI) Долбоору жөнүндө кошумча маалыматты төмөнкү сайтында көрүүгө болот: https://www.usaid.gov/ru/news-information/fact-sheets/business-growth-initiative