Flag

An official website of the United States government

Демократиялык Комиссия
Тарабынан
17 МИНУТ ОКУЛДУ

Гранттык арыздарды кабыл алуу

АКШ Элчилиги Демократиялык Комиссиясы гранттык арыздар үчүн катарындагы конкурсун жарыялайт. Кызыкчылык билдирүү сунуштамасын 2023-жылдын 20-мартка (кошо эсептелинет) чейин тапшырылышы керек. Бул программа Кыргыз Республикасында демократияны жана жарандык коомду өнүктүрүү максатында коммерциялык эмес, бейөкмөт уюмдарына жана бирикмелерине, ошондой эле көзкарандысыз массалык маалымат каражаттарына чакан гранттарын колдоого багытталган. Мамлекеттик органдар коммерциялык эмес уюмдары менен өнөктөш катары биргелешип гранттык арыздарды тапшырса болот. Гранттын максималдуу суммасы 50,000 АКШ долларынан ашпоого тийиш, орточо гранттын суммасы $30,000 түзөт. Демократиялык Комиссия болгон каражатка жараша конкурстук негизде гранттарды берет.

Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин коомчулук менен байланышуу бөлүмү төмөндө тизмектелген жааттардын биринде иш алпарган жарандык коом уюмдарынан жана көзкарандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынан долбоорлук сунуштарды кабыл алуу боюнча конкурс жарыялайт. Арыз берүүчүлөр аймактардагы же Бишкектеги бейөкмөт уюмдар менен биргеликте айыл жергесинде жарандык коомдун өнөктөштүгүн орнотуу жана потенциалын чыңдоо боюнча биргелешкен сунуштарын берүүгө чакырылат. Арыз берүүчүлөр өз сунуштарын даярдоодо коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн максаттарына, программанын артыкчылыктуу багыттарына, максаттуу аудиторияга жана географиялык жайгашуусуна өзгөчө көңүл бурушу зарыл.

Артыкчылыктуу багыттар:

  • Бизнес менен социалдык ишкердикти илгерилетүү жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
  • Демократиялык институттарды илгерилетүү
  • Гендердик зомбулукка каршы аракеттенүү
  • Экстремизмди алдын алуу жана ал менен күрөшүү
  • Адамдарды сатууну алдын алуу

Программа жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн “Каржылоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө кабарлоо” документин караңыз.

Сунуштаманы англис тилинде берилиши керек, бирок талапкерлер орус же кыргыз тилиндеги сунуштамаларды кошумчалап тиркей алышат. Орус/кыргыз тилдеринде гана жөнөтулгөн арыздар жокко чыгарылат.

Тарабынан

Биринчи Раунд: Кызыктар Жөнүндө Билдирүү Маалымат Берүү

Сураныч, төмөнкү бардык көрсөтмөлөрдү кылдаттык менен аткарыңыз. Ушул жарыянын талаптарына жооп бербеген же көрсөтүлгөн талаптарды аткара албаган сунуштар кабыл алынбайт. 

Ар бир Кызыкчылык билдирүүсү төмөнкүлөргө тийиш:

  1. Карапчыгуугасунушталыпжаткангранттынартыкчылыктуучөйрөсүнтаккөрсөтүү;
  2. Аймактардакөрсөтүлгөннегизгиаудиторияга (б.а. аялдар, жаштарж.б.) көңүлбуруңузжананегизгигеографиялыкаймактардыжанафокустуккалктынбашкакөрсөткүчтөрүнбелгилеңиз;
  3. Программанынэлементтерикандайчамультипликативдикэффекткеээболоорунжанагранттынколдонуумөөнөтүнөнкийинтуруктууболоорунтаканыктоо;
  4. Гранттыкмөөнөттүнаягыначейинжетишилетурганконкреттүүнатыйжалардыаныктоо;
  5. Программаныннатыйжаларыүчүнпландыкамсызкылуу, аныничиндесоциалдыкмедианыжайылтуужаназарылболгонучурдамониторинг; жана
  6. Каржылоонунболжолдуусуммасынбериңиз.

Кызыкчылык билдирүүсүн берүүнүн мазмуну жана формасы:

Сураныч:

  1. Кызыкчылык билдирүүсүндө (1-тиркеме)  бул билдирүүнүн максаттары, аудиториялары жана милдеттери так жазылган.
  1. Бардык документтер англис тилинде.
  1. Бардык бюджеттер АКШ долларында.
  1. Ар кандай, талап кылынган бланктарда көрсөтүлгөн бардык арыз берүүчүнүн кол тамгалары берилет.
  2. Кызыкчылык билдирүүлөрү үч барактан ашпашы керек. Өтүнмө ээлери өздөрүнүн арызын жана болжолдуу бюджетин берүү үчүн тиркелген Кызыкчылык билдирүүсүн формасы колдонушу күтүлүүдө.

Кызыкчылык билдирүү сунуштаманы “Демократиялык Комиссия үчүн” деген тема менен BishkekProjectProposals@state.govэлектрондук дарегине жөнөтүүгө зарыл.

Тарабынан

Экинчи Раунд: Арыз Берүүдө Техникалык Талаптар

Коомчулук менен байланыш бөлүмү бардык Кызыкчылык билдирүүлөрүн карап чыгат жана кыска тизмеден өткөн долбоорлорду төмөндөгүдөй толук гранттык арыздарды берүүгө чакырат:

  • SF424 жана SF424A формалар
  • Уюм жөнүндөгү маалымат барагы
  • Долбоор сунушу
  • Бюджет
  • Долбоордун мониторинг жана баалоо таблицасы
  • Долбоордун негизги кызматкерлеринин бир барактуу резюмелери (Эскертүү: Сураныч, туулган күн же жеке жашоо адрес сыяктуу жеке маалыматты кошпоңуз)
  • Адилет министрлигинен ӨЭУнун каттоо жөнүндө күбөлүк көчүрмөсү.

Тандалган талапкерлерге толук арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү кабарланат. Белгиленген убакыттан кийин тапшырылган, толук же туура эмес толтурулган, түзүлүшү туура келбеген же эскирген түрдө толтурулган арыздар жараксыз болуп эсептелинет.

Кеңири маалымат алуу үчүн BishkekProjectProposals@state.gov электрондук дареги аркылуу байланышсаңыз болот.