Кыргызстандын булуң бурчунан 120 окуучу, анын ичинде 12 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар адаттагы жайкы Демократия лагерине катышышты. Жаш жарандар лагерлерден лидерлик, адам укуктары жана жарандык активдүүлүк жөнүндө жаңы билим алып кетишти.
Он күндүк Демократия лагерлери Ыссык-Көлдө (июнь) жана в Ошто (июль) АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) көмөгү менен Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун (IFES) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду. Ысык Көлдөгү лагерь ММКны колдоо борбору жана “Жетиген” эл аралык лагери менен өнөктөштүктө өткөрүлдү.
Лагердин катышуучулары социалдык, регионалдык жана гендердик өзгөчөлүктөр аркылуу биргелешип иштеп, лидерлик жана сынчыл ой жүгүртүү, мамлекеттин курамы жана жана шайлоо системасынын түзүлүшү жөнүндө сабак окушту. Ар бир катышуучу жарандык активдүүлүк жана добуш берүүнүн мааниси жөнүндө түшүнүк алышты.
Машыктуруучулар мүмкүнчүлүгү чектелген катышуучуларга он күндүк лагердин программасына оңой кошулууга өзгөчө колдоо көрсөтүп жатышты. Катышуучулардын бири, Канат Абдыжапаров, мүмкүнчүлүгү чектелген юниорлор арасында кол-күрөш (армреслинг) боюнча Азия Чемпионунун айтуусу боюнча машыктыруучулар бардык катышуучуларды тең көрүп, кызыктыра алышты. “Биз абдан көп иштедик жана көп нерсени үйрөндүк. Он күндүн ичинде мен ачылып, өз оюмду так айтып берүүгө үйрөндүм. Менин дене мүмкүнчүлүктөрүм чектелүү болсо да, өз үнүмдү угуза алам”, – дейт Канат.
Ар бир лагердин аягында, катышуучулар өз коомчулугунда жана мектептеринде түйшүктөрдү таап, аларды колунан келишинче чечүүгө багытталган демилгерлерди иштеп чыгышат. Ар бир окуучу лагерден күчтүү Кыргызстанды курууга даярдык жана план менен кетет.
Лагерь катышуучулардын өзүнө болгон ишенимин жогорулатып, демине дем берет. Арина Таран, Чуй облусунун орто мектебинин окуучусунун айтымында, лагердин өзгөрүүгө шыктандырган атмосферасы абдан жакты. “Ички дүйнөмдүн өзгөргөнүн байкап жатам, ой жүгүртүүм жана көз карашым дагы өзгөрдү”, – дейт Арина.
IFES жана USAID жарандык коомду өнүктүрүүдө, демократия жана башкарууну жакшыртууга жардам берүү үчүн Борбордук Азияда 20 жылдан бери Демократия лагерлерин уюштуруп келет.