Кыргызстандын декоративдик таштарынын эл аралык рынокторуна экспортун өнүктүрүү

Бишкек – Кооздоочу таш чыгаруучу үч алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында 2016-ж. өткөн «Middle East Stone» көргөзмөсүнө катышып келишти. Бул сапар таштын экспортун күчөтүү максатында «Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси» долбоорунун колдоосу менен ишке ашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз делегациясы сертификациялоо боюнча атайын семинарларга жана мастер-класстарга катышып, таш иштетүү боюнча заманбап технологиялары менен таанышышып, энергияны үнөмдөөгө, көмүртек таштандыларын кыскартууга, калдыктардын санын азайтууга мүмкүндүк берген технологиялык жаңылыктар менен таанышышты. Ошондой эле, кыргыз делегациясы таштын ички жасалгада жана полдордо кандай колдонулганын көрүү үчүн Дубайдын имараттарына баш багышты.

Перс булуңунда жайгашкан өлкөлөрдүн декортавтик таштар рыногу дээрлик 4,87 млрд АКШ долларын түзөт. Жолугушуу жана талкуулардын жүрүшүндө, бул маанилүү рынокто Кыргызстан  эмгек акылары жана арзан электр энергиясы менен атаандаштык кыла ала тургандыгы аныкталды.

Мүмкүн болгон сатып алуучулар менен жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы көргөзмөгө алып келген продукциялардын үлгүлөрүн жана маалыматтык материалдарын таратты. Бир нече жолугушууларда дүң жана чекене сатуучулар менен байланыш түзүлүп, алар кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн продукциясын аяккы сатып алуучуларга сунуш кылууга жана өз көргөзмө залдарында көрсөтүүгө макулдугун беришти.

“Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” – бул Кыргызстанда туризм, тигүү өнөр жай жана курулуш материалдары сыяктуу экономика тармактарынын атаандаштыкка жарамдуулугун чыңдоо боюнча төрт жылдык долбоор. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүү үчүн Америка Кошмо Штаттары колдогон көптөгөн долбоорлорду бири. Толугураак маалымат бул жерде: http://usaid.gov/Kyrgyz-Republic.