Жалпы маалымат
АКШнын Өкмөтү элчиликтердеги коомчулук менен байланыш бөлүмү аркылуу бир катар маданий программаларды жүзөгө ашырат, алардын ичинде элчилердин джазы, америкалык маданият ишмерлеринин көргөзмөлөрүн уюштуруу программалары жана Элчинин маданий мурастарды сактоо боюнча фонддору иштейт.
Бул программалардын катышуучулары америкалык кесипкөй сүрөтчүлөр, музыканттар жана башка искусство чеберлери. Америкалык искусство менен маданият чеберлеринин жетишкендиктерин чагылдырган көргөзмөлөрдү уюштуруу программасы Кошмо Штаттар менен башка өлкөлөрдүн элдеринин өз ара түшүнүүчүлүгүн тереңдетүүгө өбөлгө болот.
АКШнын Өкмөтү Элчинин маданий мурастарды сактоо Фонду аркылуу бүт дүйнөдөгү өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө тарыхый жерлерди, кол жазмаларды, музей коллекцияларын жана улуттук тилдерди, музыканы, бийлерди сактап калууга колдоо көрсөтөт.
Андан сырткары, коомчулук менен байланыш бөлүмү жергиликтүү жана америкалык музыканттар менен сүрөтчүлөрдүн аткаруучулук искусствосун жана сүрөттөр көргөзмөлөрүн уюштуруу иштерин алып барат, бул иш-чаралар Американын маданияты менен искусствосунун ар кыл тараптарын кыргыздарга тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзөт.
АКШ Элчисинин маданий мурастарды сактоо Фонду (AFCP)
ЭММСФнун гранттык программасы археологиялык жайларды, тарыхый имараттарды жана эстеликтерди, музейдин коллекцияларын жана жок болуу коркунучу алдында турган тилдер жана өнөрлөр сыяктуу маданияттын салтуу көрүнүштөрүн колдойт. Тийиштүү иш – чараларга төмөнкүлөр кирет:
- Өз калыбына келтирүү;
- Консервация (бузулган объектти жана археологиялык жайды);
- Консолидация (объекттин жана археологиялык жайдын элементтерин бириктирүү жана кайра кошуу);
- Документация;
- Инвентаризация (объекттер, жайлар жана салттар турган ордуна, өзгөчөлүктөрүнө, жашына же башка бириктирген мүнөздөмөлөрүнө жана абалына жараша көрсөтүү);
- Профилактикалык консервация.
C5+1 Жаштар кеңеши
2016-жылы АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Борбор Азиядагы жана Афганистандагы ар түрдүү тажрыйбага, лидерлик жөндөмгө жана позитивдүү ой жүгүртүүгө ээ болгон жаштарды бириктирүү үчүн динамикалуу C5+1 Жаштар Кеңешин түзгөн.
Бул долбоордун азыркы ишке ашыруучу өнөктөшү Борбор Азиядагы Америка Университетинин Жарандык активдүүлүк борбору болуп келет.
Долбоордун максаты – C5+1 приоритеттерин алдыга жылдыруу үчүн иштеген Борбор Азия боюнча коомдук жактан активдүү жана англис тилинде сүйлөгөн жаш лидерлеринин аймактык тармагын өнүктүрүү.
Долбоор Борбор Азия менен Афганистандын англис тилинде сүйлөгөн мектеп окуучуларын жана студенттерин камтыйт жана Борбор Азияда жана Афганистанда иштеп жана окуп жаткан C5+1 Жаштар кеңешинин бүтүрүүчүлөрү менен кызматташат. C5+1 Жаштар кеңеши өзүнүн мүчөлүгүнө Казакстан, Тажикстан, Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Афганистандын өкүлдөрү болгон Бишкекте жашаган студенттерди алардын лидерлик жөндөмүнө, тажрыйбасына жана Жаштар кеңешинин милдеттерине болгон кызыгуусуна карап ачык арыз кабыл алуу аркылуу тандап алат.
С5+1 Жаштар кеңешинин мүчөлөрү жана бүтүрүүчүлөрү Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасынын аймактарында өздөрүнүн жаштар башкарган долбоорлорун ишке ашырышат.
Жаштар кеңешинин мүчөлөрү жана бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн С5+1 платформасынын тартибине шайкеш келген өздөрүнүн жаштар башкарган долбоорлорун ишке ашырышат. С5+1 платформасынын тартиби: тынчтык жана коопсуздук, экономикалык өнүгүү, энергетика жана айлана-чөйрө, адамдар ортосундагы байланыш.
Америкалык ыр сынагы
Америкалык ыр сынагынын үч негизги максаты: (1) Кыргыз Республикасынын жаштарынын арасында англис тилин чыгармачылык аркылуу үйрөнүүнү жайылтуу; (2) ыр аркылуу америкалык искусствону жана маданиятты таанытуу жана жайылтуу; жана (3) Кыргыз Республикасындагы орто мектеп окуучуларынын чыгармачылык потенциалын жогорулатуу. Долбоор жергиликтүү өнөктөш бейөкмөт уюм тарабынан ишке ашырылат. Жыл сайын сынакты өткөрүү үчүн үч же төрт аймак тандалып алынат.
Негизги максаттуу аудитория – орто мектеп окуучулар (9-11-класстар). Экинчи аудитория – ошол аймактардагы англис тили мугалимдери. Алар англис тили сабагында англис тилиндеги ырларды колдонуу менен креативдүү окутуу ыкмалары боюнча билим алышат. Катышуучулар видео жаздырууларды жана жандуу музыкалык аткарууларды баалоону камтыган көп баскычтуу тандоо процесси аркылуу тандалып алынышат. Калыстар тобуна Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, атактуу жергиликтүү ырчылар жана англис тилинде эне тили катары сүйлөгөндөр кирет.
Америкалык ыр сынагы төмөнкү иш-чаралардан турат:
- Ар бир тандалган аймактагы англис тили мугалимдерин англис тилин окутууда музыканы колдонуу боюнча окутуу;
- Тандалган ар бир аймактан катышуучуларды ачык видео-арыздар аркылуу тандоо;
- Тандалган катышуучуларды англисче тыбыштарды туура айтуу, вокалдык көндүмдөр, аткаруу жана презентация жана лидерлик жөндөмдөр боюнча окутуу;
- Аймактык жарым финалдык концерттерди уюштуруу жана аймактарда жандуу аткаруулар аркылуу жеңүүчүлөрдү тандоо;
- Финалга чыккандардын аткаруулары менен Бишкекте жыйынтыктоочу гала-концертти уюштуруу.
Байланыш маалыматы
Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги
Бишкек шаары, 720016
Тынчтык кең көчөсү 171
Тел.: +996 312 597 000
Факс: +996 312 597 744
E-mail: USKGCulturalAffairs@state.gov