Маданият элчилери: Энтони Станко жана анын «The Crucial Elements» (“Крушиал Элементс”) джаз тобу

АКШ Мамлекеттик департаментинин «Маданият элчилери» программасынын алкагында 6-10-апрелде Кыргызстанга америкалык джаз музыкант Энтони Станко жана ал жетектеген «The Crucial Elements» джаз тобу келгени жатат.

Энтони Станко жана анын «The Crucial Elements» тобу Кыргызстандын мыкты джаз топтору менен бирге 8-апрелде Эмен паркындагы Курманжан датканын эстелигинин жанында ачык абадагы концетрин тартуулашат. Ал эми 10-апрелде Кыргыз улуттук филармонияда боло турган джаз фестивалынын концерт программасына катышышат..  Андан тышкары, Станко жана анын ансамблинин мүчөлөрү Бишкектин музыкалык окуу жайларынын окуучулары үчүн мастер-класс өткөрүшөт, фестивалдын башка катылуучулары менен жэм-сейшнге катышышат, жана 7-апрелде Борбордук Азиядагы Америка университетинде чакан концерт-лекция тартуулашат.

Энтони – өтө сүйкүмдүү солист жана чебер труба аткаруучу, композитор жана топ жетекчи, джаз жааматындагы жаңы муундан чыгып келе жаткан жылдызы.  Жаштыгына карабастан, ал Арета Франклин жана Майкл Файнштейн сыяктанган залкар музыканттар менен бирге сахнага чыгып, джаз музыкадагы абройлуу адамдарын урматына ээ болду.

Беш адамдан турган «The Crucial Elements» тобу АКШнын Мамлекеттик департаментинин «Америка музыкасы чет өлкөдө» программасы аркылуу көптөгөн турнелерге катышып эл-аралык деңгээлде таанылган топ. Топтун мүчөлөрү: Энтони Станко (труба), Жордан Отто (урма аспаптар), Маркус Эллиот (саксофон), Пол Братчер (пиано) жана Сэм Копперман (бас гитара).

2013-жылдагы алгачкы сапарынан баштап, топ ондогон өлкөлөрдө, анын ичинде Түштүк Африка, Намибия, Индонезия жана Иорданда Америка Кошмо Штаттарынын музыкасын тартуулады.  Станконун музыкасы кенен көркөм спектрин камтыйт: олуттуудан тартып тамашалууга чейин, кайгылуудан кубанычтууга чейин, салттуудан заманбапка чейин – булардын баары свинг, би-боп, блюз музыкалык салттанрына терең тамырланган.

«The Crucial Elements» тобу жергиликтүү элдин салттуу музыкаларын джаз музыкасы менен уйкаштыруу жөндөмдүүлүгү үчүн дүйнө жүзү боюнча абдан популярдуу болуп саналат.

Энтони Станконун «The Crucial Elements» тобу төмөнкү иш-чараларды өткөрөт:

7-апрель, бейшемби

16:00 – Концерт-лекция, Орто Азиядагы Америка университети, 4-кабат.  Даареги: Аалы Токомбаев көчөсү, 7/6.

8-апрель, жума

10:00 – Мастер-класс, Кыргыз улуттук консерваториясы. Дареги: Жантөшөв көчөсү 115.

16:00 – Ачык абада концерт, Курманжан датканын эстелигинин жанында (Эмен паркы).

9-апрель, ишемби

22:00 – XI-Бишкек джаз фестивалы:  Жэм-сейшн “Штайнброй” ресторанында. Дареги: Герцен көчөсү 5.

10-апрель, жекшемби

18:00 – XI-Бишкек джаз фестивалы: Энтони Станко жана «The Crucial Elements» тобунун концерти.  Кыргыз улуттук филармониясы.