Бишкек – Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык ишкер кеңешибизнестин жана жарандардын мүлктүк укуктарын натыйжалуу коргоо үчүн тоскоолдук жаратуучу мыйзамдарга талдоо жүргүзөт. Бул демилгенин негизги максаты – жарандарга жана бизнеске зыян келтирген сот системасынын, фискалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын ишинде коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу. Долбоор USAID аркылуу АКШ тарабынан Улуу Британиянын эл аралык өнүгүү министрлиги менен биргеликте каржылануучу Биргелешип башкаруу программасынын алкагында ишке ашырылууда.
Долбоордун алкагында мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана бизнес уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлөт. Жумушчу топ учурдагы ченемдик укуктук актылардагы коррупцияга өбөлгө түзгөн жерлерге, ошондой эле сот системасында укук колдонуу тажрыйбасына талдоо жүргүзөт.
“Өкмөттүн, мамлекеттик органдардын, жарандык сектордун жана бизнес коомчулуктун күч-аракеттерин бириктиргенде гана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу, ачык-айкын жана коомго отчет берген антикоррупциялык моделин түзүүгө болот”, – дейт КР АИКтин башкы катчысы жана Коррупцияга каршы жарандык коом уюмдарынын бирикмесинин төрагасы Н.А. Муканова.
Жумушчу топ проблемаларды чечүү механизмдери иштеп чыгып, сунуштайт. Изилдөөнүн жыйынтыктары, сунуштары жана мыйзам өзгөртүүлөрдүн долбоорлору бардык кызыкдар тараптар менен ачык талкууланат жана чечим кабыл алуучу адамдарга берилет.
2015-жылы Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун эл аралык мониторинг тобу Кыргызстанда “Коррупцияга каршы күрөш” боюнча Стамбул иш-аракеттери планынын алкагында антикоррупциялык реформа боюнча изилдөө жүргүзгөн. Ал изилдөө тобу мыйзам ичиндеги жана мыйзам аралык карама-каршылыктар, ал мыйзамдарды сот практикасында колдонууну кыйындатпастан гана, алар олуттуу коррупциялык тобокелдиктерди жаратат деген тыянакка келди.
Биргелешип башкаруу программасы аркылуу АКШ Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого салымын кошот. Бул программа социалдык кызматтарды жарандык коом аткаруусуна көмөктөшүп, алардын коомдук саясатты жана мамлекеттин ачыктыгын күчөтүүдөгү ишине өбөлгө болот.