АКШнын Мамдепартаментинин Мамлекеттик дезинформацияга каршы туруу бөлүмүнүн башчысы АКШнын COVIDге байланыштуу пропагандага каршы күрөшүн талкуулады

Бишкек – ​​22-июнда АКШнын Мамлекеттик департаментинин Глобалдык аракеттешүү борборунун (ГАК) директорунун милдетин аткаруучу Дэниел Киммаж мырза кыргыз жана башка борбор азиялык журналисттер жана окумуштуулар менен Россиянын дезинформациялык экосистемасы жана өзүнүн дезинформациялык аракеттеринин тамырын жашыруу үчүн Россия прокси-сайттарды кандайча колдонуп жаткандыгы жөнүндө маектешти.

ГАК АКШнын Федералдык Өкмөтүнүн чет элдик пропаганданы жана жалган маалыматтарды изилдөө, түшүнүү, ачыкка чыгаруу жана ага каршы аракеттерин жетектеп келет. Борбор Азиядан 20дан ашуун катышуучу катышкан онлайн-талкуунун жүрүшүндө, директордун милдетин аткаруучу Киммаж ГАКтын “Россиянын дезинформация жана пропаганда экосистемасынын негиздери” аттуу атайын докладын талкуулады. Отчетто Россиянын дезинформациялоо жана үгүттөөчү экосистемасынын “тамырлары” – расмий өкмөттүк билдирүүлөр, мамлекеттин эсебинен каржыланган глобалдык жана башка маалымдоо каражаттар, прокси булактарын өстүрүү, социалдык тармактарды курал катары колдонууу жана кибер жолу менен иштетилген дезинформация – кантип салттуу жана электрондук маалымат каражаттарында, анын ичинде социалдык тармактарда дезинформацияны жаратат жана жайылтат.

Мындан тышкары, Киммаж мырза мамлекеттик дезинформация жана үгүт өнөктүктөрү COVID-19га каршы күрөшкө кандайча терс таасирин тийгизип жаткандыгын талкуулады. Киммаж мырза 2020-жылдын февраль айында ГАК COVID-19 темасы боюнча орус, кытай жана иран дезинформациялоо баяндары окшош жалаа жаап жакындашып кеткендигин белгиледи. Андан ары ал Россия COVID-19 вакциналарын дезинформация жана пропаганда менен бутага алгандыгын кошумчалады. Бул темада директордун милдетин аткаруучу Киммаж “ГАК Россиянын эки ар башка, бирок күчөтүүчү ыкмаларына көңүл бөлгөн: Россия Sputnik V вакцинасын геосаясий пайда табуу үчүн даңазалап, Батыш вакциналары жөнүндө жалган жана бурмаланган маалыматтарды тараткан. Россиянын дезинформациясы Батыштан чыккан гана эмес, бардык вакциналарга болгон ишенимди төмөндөтүп жатканы аянычтуу факт».

Сессиянын жүрүшүндө доктор Киммаж коомдор жана өкмөттөр дезинформацияга, цензура киргизип, же сөз эркиндигине залакасын тийгизбестен натыйжалуу жооп кайтарышы керектигин баса белгиледи. “Изилдөө журналистикасы, фактыларды текшерүү, медиа сабаттуулук жана санарип криминалистика сыяктуу тармактардагы окутуу программалары дезинформацияга каршы турууга жардам берет”, – деп түшүндүрдү Киммаж. Ал кошумчалагандай, “ушул сыяктуу программалардан да маанилүүсү – идеялардын эркин талкуулануусу жана басма сөз эркиндиги”.