Бишкек – 25-июнда саат 10:00дө Тоголок Молдо 1 дарегинде жайгашкан Республикалык илимий-медициналык китепканада АКШнын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган «Challenge TB» долбоорунун ачылышы болот. Ачылыш салтанатына Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Улуттук кургак учукка каршы программасынын, USAID жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча кургак учук Кыргыз Республикасындагы коомдук саламаттыкты сактоонун олуттуу көйгөйү бойдон калууда. КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык медициналык-маалымат борборунун статистикасы боюнча өлкөдө кургак учук менен ооруп калган учурлар көбөйүүдө (100 мин кишинин санына 2014-жылы 101,1 учур, салыштыруу учун 2013-жылы 1100 учур), ошондой эле дарыга туруктуу кургак учук учурлары (2014-жылы 1125 учур, салыштыруу учун 2013- жылы 1100 учур) жана өзгөчө көпчүлүк жана кеңири дарыга туруктуу кургак учук (КДТ КУ) көбөйүп жатат. Дарыга туруктуу кургак учуктун формасы кургак учукка каршы препараттарга туруктуу кургак учуктун формасы болуп эсептелет жана бул дарылар туура эмес дайындалган же туура эмес керектелген учурда адамдар туруктуу кургак учук менен ооруган адамдардан туруктуу кургак учук жугузуп алышы мүмкүн.
2013, 2014 жана 2015 жылдары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму КДТ кургак учукту дарылоодо жаңы препараттар бедаквилин жана деламанидти пайдалануу боюнча колдонмолорду чыгарган. Ал колдонмолордо Улуттук кургак учукка каршы программалар жана дарыга туруктуу кургак учук илдетти профилактикалоо жана дарылоого тартылган мамлекеттик жана жеке өнөктөштөргө бул препараттарды пайдалануу негизги шарттар аныкталган. USAIDтин «Challenge TB» жаңы долбоору Улуттук фтизиатрия борборуна жана Саламаттыкты сактоо министрлигине жаңы колдонмолорду пайдаланууга жана ДСУнун сунуштына ылайык жаңы препараттарды жана алар менен дарылоо тартиптерди ишке киргизүүгө жадрам берет.
Кыргыз Республикасындагы «Challenge TB» долбоору кургак учукту контролдоо жана профилактикалоо боюнча Нидерланддардын Королдук Ассоциациясынын Филиалы (KNCV).
Массага маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн «Challenge TB» долбоорунун ачылыш аземине 25-июнда саат 10:00гө Тоголок Молдо 1 дарегинде жайгашкан Республикалык илимий-медициналык китепканасынын жыйындар залына чакырабыз.
Саламаттык сактоо секторундагы USAID программалары жөнүндө толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: http://www.usaid.gov/ru/kyrgyz-republic/global-health
Иш-чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасындагы KNCV филиалынын директору Бакыт Мырзалиевге 398201 телефону аркылуу же bakyt.myrzaliev@kncvtbc.org. Электрондук дареги аркылуу кайрылууну сурайбыз.