2023-жылдын апрель айында Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия чөлкөмүндө инновациялык жана жаңы 12 айлык сертификатка негизделген информатика жана маалымат илими (IDASH) программасы башталмакчы.
Ушул жумада, 12-15-декабрда Бишкекте Украинанын, Грузиянын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрликтеринин өкүлдөрү коомдук саламаттыкты сактоонун маалымат тутумдарын түзүүгө жана пайдаланууга багытталган, калктын ден соолугун чыңдоо үчүн ишенимдүү жана өз убагында маалыматты талдоого, жайылтууга жана пайдаланууга жол берген, IDASH тренинг пакетинин үстүндө иштөөнү аякташты.
Кыргызстандын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору, доктор Абдыкадыров Султан: «Биз үчүн мындай иш-чаранын Чыгыш Европа жана Борбор Азия мамлекеттеринин катышуусунда өтүп жатканы биз үчүн маанилүү… COVID-19 пандемиясы эпидемиологиялык көзөмөлдү, инфекциялык контролду жана мониторинг куралдарын кароону камтыган өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн санариптик чечимдердин эбегейсиз зарылдыгын көрсөттү,» — деди.
Бул долбоорду иштеп чыгууда программанын концепциясына жана ишке ашырылышына башынан эле ээ болгон көп өлкөнүн өкүлчүлүгүн жана региондогу кызыкдар тараптарды камтыган биргелешкен долбоорлоо процесси пилоттук түрдө өткөрүлдү.
CDCтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн директору жана ВИЧ/СПИД жана кургак учук боюнча Регионалдык программанын директору доктор Патрик Надоль өз сөзүндө: «Сиздер бул инновациялык программаны иштеп чыгуу, жана ишке ашыруу үчүн иштеп жаткан команданын бир бөлүгүсүздөр [жана ] ага ээлик кылуунун жана өнүгүүнүн белгилүү бир даражасы бар, аны [IDASH программасын] алдыга жылдыруу абдан кызыктуу.»
IDASH Украина, Грузия, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC), Вашингтон университети жана ДСУ/Европа аймактык кеңсесинин ортосундагы кызматташтык.
###