Борбор Азия – кийинки IT багыты: Бишкекте өтүүчү Борбор Азия IT бизнес форуму

Бишкек, Кыргыз Республикасы – Дүйнө жүзүндөгү эң ири IT-компаниялардын өкүлдөрү 2023-жылдын 24-мартында, Бишкек шаарындагы Sheraton мейманканасында (9:00 – 18:00) Борбор Азия IT бизнес форумуна чогулуп, андан соң Борбор Азиянын Техникалык сыйлыктары (Central Asian Tech Awards) (18:00 – 23:00) аземине ортоктош болушмакчы. 

2022-жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында өткөн Борбор Азиялык Америка IT форумунун ийгилигине таянуу менен бул иш-чара аймактагы акыркы IT багыттарын көрсөтүп, бизнести өнүктүрүү жана өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берет. 

Кыргыз Республикасынан, Өзбекстандан, Казакстандан, АКШдан, Япониядан, Түштүк Кореядан, Германиядан жана башка өлкөлөрдөн келген бизнес-топтор өздөрүнүн акыркы технологияларын көрсөтүп, жасалма интеллект, блокчейн технологиялары, экспорттук потенциал жана IT жаатындагы билим берүү сыяктуу темаларды камтыган панелдик талкууларга катышат. Ошондой эле инвесторлор менен тандалган стартап долбоорлорунун жабык эшик жолугушуусу да орун алмакчы. 

Кечки Central Asian Tech Awards 2023 азмеинде жети категория боюнча Борбор Азиядагы эң мыкты IT-компанияларына жана лидерлерге сыйлык тапшырылат. Иш-чара IT адистеринин жана өнүктүрүүчүлөрдүн азыркы жана келечектеги муундарын IT инновацияларын илгерилетүүгө жана Борбор Азиянын IT потенциалын көрсөтүүгө шыктандырууга багытталган. Башкы байге катары Силикон өрөөнүнө бардык чыгымдары төлөнгөн саякат каралган. 

Борбор Азиянын IT бизнес-форуму жана сыйлыктарын тапшыруу аземи Кыргызстандагы Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулар ассоциациясы (KSSDA), High Tech Park, Freedom Pay, Astana Hub жана Казакстандын IT Park-кы тарабынан уюштурулуп, демөөрчүсү болуп, АКШнын Бишкектеги элчилигинин колдоосунда өткөрүлөт. 

Окуяларды чагылдырууга кызыкдар болгон ММК өкүлдөрү АКШ элчилигинин басма сөз бөлүмүндөгү Туратбек Макенбаев менен +996-770-770-299 телефону жана makenbaevtj@state.gov  электрондук дареги аркылуу кайрылышы керек. 

####