Борбор жана Түштүк Азия коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин жыйыны 20-21-февралда Ташкентте орун алды.
Борбор жана Түштүк Азия коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин жыйынынын башында Өзбекстандын коргоо министри Баходир Курбанов иш чаранын катышуучуларына салам жолдоп куттуктоо сөзүн айтты. Конференцияда Борбор жана Түштүк Азиядагы абалды турукташтыруу, чөлкөмдү жакшы коңшулук аймакка айландыруу жана Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар Ооганстандын экономикасын кайра курууга, анын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана адамдарын окутууга жардам берүүнү пландашышты. Жыйындын аягында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Конференциянын алкагында катышуучулардын баары Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн академиясына барып аскер кадеттерди жана окуучуларды окутуу жүрүшү менен таанышышты.
Академияда болуп өткөн пикир алмашууда чет өлкөлүк аскер академиялар менен мамиле түзүү жана видео конференцияларды уюштуруу маселелер талкууланды. Андан кийин катышуучулар Академиянын музейине барып, ал жердеги тарыхый мааниге ээ буюм заттары менен танышышты.

“Биз Борбор жана Түштүк Азияда көзкарандысыз, күчтүү өнөктөштөрдү каалайбыз” – деди АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы
АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы аскер генералы Жозеф Вотел Борбор жана Түштүк Азияда коопсуздук чакырыктарга биргелешип туруштук берүүгө чакырды.
“Бул чөлкөм тарыхынын кескин учурунда орун алган өтө маанилүү жолугушуу болду. Коопсуздук маселелер дагы эле бар. Биз аларга биргелешип туруштук бергенибиз жакшы болот. Биз бул жерде ошол себептен чогулуп турабыз: мамилелерибизди бекемдеп, ар бирибиздин жана жалпыбыздын мүмкүнчүлүктөрүбүздү көбөйтүү үчүн”, – деди генерал Вотел Ташкентте өткөн Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн коргоо ведомстволордун башчыларынын жыйынында.
“Биз каалаган эң маанилүү нерсе – бул Борбор жана Түштүк Азиядагы көзкарандысыз жана күчтүү өнөктөштөрүбүз”, – деп баса белгиледи генерал Вотел. Жыйындын аягында ал журналисттер менен жолукту. Гененал конференциянын катышуучуларынын баарына жана аны уюштурганы үчүн Өзбекстандын коргоо министрлигине ыраазычылыгын билдирди. “Америка Кошмо Штаттары аймактын эгемендүүлүгүн жана туруктуулугун колдоого жана өнөктөштөрүбүз менен мамилелерибизди бекемдөөгө умтулат”, – деп кошумчалады ал. Ал ошондой эле генерал-майор Баходир Курбановду жакында Өзбекстандын коргоо министри болуп дайындалгадыгы менен куттуктады.