Америка Кошмо Штаттары 1991-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын эгемендигин таанып, 1992-жылдын 1-февралында Бишкектин Эркиндик бульварында өз элчилигин ачкандан бери, эки өлкөбүз Кыргыз Республикасында жана жалпы аймакта тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп-өнүккөн жашоону колдогон бекем мамиле түзүштү.
Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын элине жана өкмөтүнө өнөктөштүгү үчүн абдан ыраазы. Бул эки тараптуу шериктештик аркылуу жумуш орундар түзүлүп, кийинки муундар үчүн билим берүү системасы оңолуп, үй-бүлөлөрдүн коопсуз жана дени сак жашоосуна өбөлгө түзүлгөн. Бардыгынын жаркын келечегин куруу үчүн шериктештигибиз мындан ары улана бресин. Биздин 25 жылдын ичинде ошол эле бойдон калган максатыбыз – Кыргыз Республикасынын ийгилиги.