С5+1 Жаштар кеңеши Борбор Азия жана Афганистан жаштары үчүн «Network Cup» 2018 дебат мелдешин өткөрдү

 

 

10-11 февраль – (Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы) – АКШ элчилигинин колдоосу менен Борбор Азия жана Афганистан мамлекеттеринин жаштары С5+1 Жаштар кеңеши өткөргөн «Network Cup» 2018 аттуу дебаттык мелдешке катышты. Дебаттык мелдеш Орто Азиянын Америка Университетинде 10-11-февралында өттү.

«Network Cup» 2018 дебаттык мелдеш төмөнкү темаларды камтыды: дүйнөдөгүтерроризмге каршы күрөш жана коопсуздук; Борбор Азиядагы бизнес атаандаштык; транспорттук өнүгүү коридору;  экологиялык маселелер жана климаттын өзгөрүшү.

Дебаттык мелдешке Кыргызстан, Казахстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Афганистандан 32 топту түзгөн 64 катышуучу келди. Дээрлик 120 талапкер онлайн сунуштарын С5+1 Жаштар кеңешине жөнөткөн жана кеңеш катышуучуларды англис тилинде өткөн дебаттык таймашка тандаган.  Дебатерлор критикалык ой жүгүртүү мүмкүнчүлүктөрүн жана анлис тилинде талкулоо жөндөмдөрүн өнүктүрүштү. Алар азыркы замандын актуалдуу маселелерин изилдеп, Борбор Азия мамлекеттеринин жана Афганистандын жаш дебатерлору жана лидерлери  менен мамиле түзүштү.

АКШнын Кыргыз Республиксындагы элчилигиФулбрайт адиси доктор Жозеф Зомпеттини «Network Cup» 2018 дебаттык мелдешке негизги калыс катары чакырган. Доктор Зомпетти Иллинойс Штатынын Университетинин байланыш, социалдык маселелер, классикалык риторика  жана саясий коммуникация тармагында сабак берет. Ал 30 жылдык тажрыйбасы бар дебат – жарыш сөз — адиси. Дебаттык стратегия, критикалык ой жүгүртүү жана риторикалык технологиялар боюнча сегиз китептин автору. Доктор Зомпетти  Европада, Азияда жана Америка Кошмо Штаттарында дебат боюнча коомчулукка жарандык катышуу, аргументациялоо, эл алдында сүйлөө, критикалык жана логикалык ой жүгүртүү боюнча семинарларды жана тренингтерди өткөрүү менен чоң салым кошкон.  Мурдагы IDEA-Европанын директорлор кеңешинин предизенти катары АКШнын саясий багыты, Британ парламенти, Карл Поппердин дебаттары жана «Баалуулук дабаттары» сыяктуу ар кандай дебат форматтары боюнча иш жүзүндө билим берген.

Борбор Азиядагы Америка Университети АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен түрдүү тажрыйбасын, лидердик сапаттарын жана позитивдүү өзгөрүүлөргө бирге умтулууга багытталган өй жүгүртүүнү  алып келген Афганистан, Казахстан, Кыргызстан, Таджикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстан жаштарын камтыган динамикалык С5+1 Жаштар кеңешин түзгөн. С5+1 Жаштар кеңешин түзүү АКШ-Борбор Азиянын (С5+1) долбоорлорунун жалпы максаттарын бекемдейт: глобалдык терроризмге каршы күрөшүү боюнча чөлкөмдөгү диалог форуму,  Борбор Азиянын бизнес атаандаштыгы, өнүгүү үчүн транспорттук коридору,  жалпы маселерди чечүүчү келечектин энергиясы жана улуттук жана региондук адаптация планын колдоо. С5+1 Жаштар кеңеши катышуучуларды билдирмелерине, маектешүүлөрүнө, гендердик тең салмактуулукка, ар түрдүүлүктөрүнө жана жаштар кеңешинин милдеттерине чыныгы кызыгуусуна таянып жыл сайын cтуденттер арасынан тандайт.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү АКШ элчилигинин басма сөз кызматына электрондук дарек BishkekPAS@state.gov же 0312 597000, 0770 770299 телефон номурлар аркылуу байланышса болот.